Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Токиодо Кыргыз-Япон өнүктүрүү фондун түзүү маселеси талкууланды

15.03.2024 10:01
726
Токиодо Кыргыз-Япон өнүктүрүү фондун түзүү маселеси талкууланды


Токиодо Кыргызстандын финансы министринин орун басары Руслан Татиков Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канданын жолугушуусу болуп өттү.

КР Финансы министрлигинен маалымдашкандай, тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ийгиликтүү тенденцияларын белгилеп, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына ишеним билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияга, модернизацияга жана өнөр жайды өнүктүрүүгө, ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты жана соода жүгүртүүнү натыйжалуу кеңейтүүгө салым кошо турган Кыргыз-Япон өнүктүрүү фондун түзүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, тышкы карызды климаттык долбоорлорго тиешелүү финансылык ресурстарды инвестициялоо аркылуу алмаштыруу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Финансылык башкаруунун маалыматтык системасын реформалоодо тажрыйба алмашууну макулдашты.

Ошондой эле Япония өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча Гранттык программасын (JDS) ишке ашыруунун натыйжасында алынган адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн