Токмок шаарынын мэри, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана Аль-Кадр курулуш компаниясынын жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Алар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилиги астында Токмок шаарында өтүп жаткан жыйындын жүрүшүндө кармалды.
Эскерте кетсек, буга чейин Токмок шаарынын тургундары президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышып, Токмок шаарындагы парктын жана башка обьектилердин курулуш иштеринин жүрбөй жатканына жана тийиштүү жетекчилер өз милдетин аткарбай жаткандыгына нааразы болушкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн