Токтогулда мыйзамсыз менчиктештирилген соцобъекттер жана жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул районунун прокуратурасы жер жана мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында бир катар социалдык объекттер жана жайыт жер мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.
Тактап айтканда, базар баасы 1 473 750 сомду түзгөн Э.Иманалиев айыл аймагынын Өзгөрүш айылында жайгашкан №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 0,4 гектар жер тилкеси жана 22,56 чарчы метр имараты, базар баасы 500 850 сомду түзгөн Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Ак-Тектир айылында жайгашкан социалдык маанидеги 0,15 га жер тилке, базар баасы 1 358 108 сомду түзгөн А.Сүйөркулов айыл аймагындагы 0,20 га жайыт жер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен.
Келтирилген прокурордук актылардын негизинде жалпы баасы 3,3 миллион сом түзгөн мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер жана имараттар мамлекеттин эсебине кайтарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн