Кулжа 28, 2025
Убакыт: 22:43
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.105
1.135

Төрт күндүк текшерүүдөн кийин 21 тез тамактануучу жай жабылган

05.10.2023 11:16
294
Төрт күндүк текшерүүдөн кийин 21 тез тамактануучу жай жабылган


Бишкекте төрт күндүк текшерүү учурунда адистер санитардык-эпидемиологиялык нормалардын бузулушу жоюлганга чейин 21 тез тамактануучу жай жабылды. Бул тууралуу борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.


«Жалпысынан 1-октябрдан 4-октябрга чейин 71 коомдук тамактануучу жай текшерилип, 21 мекеме убактылуу жабылды. Бул боюнча 65 жооптуу адамга 931 миң сом айып салынды», - деп түшүндүрүштү.


Эскерте кетсек, 1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш лаваш” жана “Мидос” тез тамактануучу жайларында массалык уулануу катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн