Эми Tunduk тиркемесинде өзгөчө сандардын комбинациясынан жана тамгалардан куралган мамлекеттик номерлерге болгон сертификат санариптик форматта жеткиликтүү болду.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришкендей, документ жаранга өзгөчө символдору бар каттоочу номерлерге ээлик кылууга шарт түзөт.
Санариптик версия сертификатты алуу жолун жеңилдетип, кагаз түрүндөгү документти алып жүрүүдөн бошотот, документти ыңгайлуу сакталышын да камсыздайт.
Ал эми мурда берилген кагаз түрүндөгү сертификаттар өз күчүн жоготпойт жана анык бойдон кала берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн