Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Турак жай кодексине жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

23.04.2024 17:43
75
Турак жай кодексине жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын аларга берилген кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө мамлекет кепилдеген укугун ишке ашыруу болуп саналат.

Мыйзамдын 1-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгү кошумча пункт менен толукталды, ага ылайык кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө өзгөчө учурларда, анын ичинде 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына тикелей сатуу жолу менен жол берилет.

Ошол эле учурда Мыйзамдын 2-беренеси менен “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:

– 12-беренесинин он үчүнчү бөлүгү жаңы редакцияда баяндалды, ага ылайык запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан жана 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон же каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашап жаткан тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.

– 12-беренеси кошумча бөлүк менен толукталды, ага ылайык 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары аларга берилген кызматтык квартираларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө укуктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн