Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 13:36
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.035
1.065

Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин Катарга жасаган соккусун талкуулайт

10.09.2025 09:31
25
Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин Катарга жасаган соккусун талкуулайт


Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Израилдин Катарга жасаган соккусун талкуулайт. Бул тууралуу ТАСС дипломатиялык булактарына таянып жазды.


Маалыматка караганда, шашылыш жыйынга чогулууну Алжир, Пакистан жана Сомали мамлекеттери сунуштаган.


БУУнун Коопсуздук кеңешине сентябрда төрагалык кылган Кореянын Туруктуу өкүлчүлүгү Израилдин Катарга жасаган соккусуна байланыштуу бул органдын жыйыны бүгүн, 10-сентябрда боло турганын ырастаган. Күн тартибине "Жакынкы Чыгыштагы абал" боюнча талкуу киргизилген.


Белгилей кетсек, Израилдин Катардын баш калаасы Дохага жасаган соккусунан кеминде беш киши, анын ичинде Газа тилкесиндеги палестиналык Хамас кыймылынын лидери Халил аль-Хейя жана анын кеңсесинин жетекчиси каза болгону айтылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн