Теке 16, 2025
Убакыт: 20:03
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.116
1.135

УКМК Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармады

16.07.2025 14:05
22
УКМК Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармады


Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, атайын кызматка мамлекеттик финансылык контроль чөйрөсүндөгү коррупцияга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында Эсеп палатасынын инспектору опузалап акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Эсеп палатасынын башкы инспектору А.И.К. Кыргызстандын айрым чет өлкөлүк мекемелеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүү максатында жумуш сапарында жүргөндө аныкталган каржылык мыйзам бузууларды шылтоолоп, КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчисинен опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн