Тогуздун айы 31, 2025
Убакыт: 06:51
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.085
1.125

УКМК Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы К.Дүйшөбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

27.10.2020 15:02
927
УКМК Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы К.Дүйшөбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш күчөйт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин бийлик УКТ менен макулдашып алышы мүмкүн деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана ага негиз жок.

«УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү активдүү улантып жатат. Бардык иш-чаралар мыйзамдын чегинде өткөрүлөт. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо, келтирилген зыянды мамлекетке кайтаруу жана кылмыштуу көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт», - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн