Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

УКМК: Жалал-Абадда жашыруун иш алып барган медресе аныкталды

15.03.2024 13:10
386
УКМК: Жалал-Абадда жашыруун иш алып барган медресе аныкталды


Жалал-Абадда жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан 1998-жылы туулган диний билими жок КР жараны М.Х.А. жашаган жеринде диний сабактарды уюштургандыгы, 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала), сабактар күн сайын саат 09:00-12:00дөн тартып өткөрүлгөндүгү, сабактар өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбегендиги (жараксыз жана салкын бөлмөлөр), колдонулган адабияттар Кыргызстан Мусулмандар дин башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окушпаганы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында КР жараны М.Х.А.га карата "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" КР мыйзамынын 8, 10-беренелерин жана "Укук бузуулар жөнүндө" КР кодексинин 142-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу жөнүндө актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан орто мектептерде жашы жете элек балдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн