Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 16:24
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

УКМК диний-экстремисттик уюмдун лидерин кармады

23.09.2025 14:29
16
УКМК диний-экстремисттик уюмдун лидерин кармады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун лидерин кармады.


Маалыматка ылайык, 16-сентябрда аталган уюмга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө экстремисттик идеологияны жайылткан жана жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген аталган уюмдун ячейкаларынын биринин лидери болгон 1986-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.К.Н. кармалды.


Ал мурда экстремисттик ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.


Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ячейканын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды диний-экстремисттик уюмдардын ишин түзүүгө жана катышуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелеринде каралган кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн