Теке 17, 2025
Убакыт: 20:52
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.111
1.135

УКМК "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташы кармалганын айтты

17.07.2025 15:30
13
УКМК "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташы кармалганын айтты


УКМК "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташы кармалганын кабарлады. 


Атайын кызматтын берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын 22 жаштагы жараны үгүтчүлөрдүн таасири менен аталган уюмду колдой баштаган. Сирияга кетүүгө камынып, ИМ "халифине" ант берген бир нече видеокайрылуу жаздырган. 


Мындан тышкары, уюм тууралуу маалыматтарды, террорчулукту актап, теракт жасоого үндөгөн роликтерди фейк аккаунттар аркылуу таратууга шектелип жатат. 


УКМК террорчулукту жайылтуу бул сөз эркиндиги эмес, кадимки кылмыш экенин эскертүүдө. Атайын кызмат элди этият болуп, диний билимди ишенимдүү жактардан гана алууга чакырып келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн