Кулжа 30, 2025
Убакыт: 21:40
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынган алдамчы кармалды

30.06.2025 15:48
21
УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынган алдамчы кармалды


УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган дагы бир фактыга бөгөт коюлду. 


Атайын кызмат тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча С.А.Б. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.


Такталгандай, С.А.Б. аттуу жаран УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экенин жүйө келтирип, КР УКМК төрагасына кабыл алууга көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен, ошондой эле Silk-Way индустриалдык паркынын аймагындагы бир нече соода түйүндөрүн сатып алуу боюнча маселелерди чечүүдө 50 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты, анын ичинде 20 миң доллар түзгөн унааны өзүнө ыйгарып алган.


Ал 25-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, тергөө камак жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн