Кулжа 16, 2025
Убакыт: 16:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

УКМК жасалма виза даярдоо каналын токтотту

20.05.2025 11:39
106
УКМК жасалма виза даярдоо каналын токтотту


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жасалма виза даярдоо каналын токтотту.


Атайын кызматтан билдиришкендей, Бангладештин Х.М.М. аттуу жараны мекендештерине жасалма документтерди даярдоо жана сатуу боюнча туруктуу канал уюштурцп, ал үчүн акча алып турган.


Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Х.М.М. Кыргызстанда эмгек мигранттарын легалдаштыруу үчүн 66 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча алып, жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, мекендештерине жөнөткөн.


УКМК тарабынантийиштүү иш-чаралардын алкагында Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорт жана жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган.

Учурда шектүү камакка алынып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


УКМК бардык чет өлкөлүктөрдү жана уюмдарды кабыл алынган жаңы миграциялык эрежелердин алкагында тиешелүү уруксат кагаздарын алуу маселелери боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин электрондук порталына гана кайрылууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн