Теке 18, 2024
Убакыт: 23:58
USD
84.70
85.60
EUR
92.30
93.30
RUB
0.950
0.985

Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы!

20.06.2024 10:53
990
Уча бер, үмүтүмдүн каркырасы!


Эсиңиздерде болсо керек, совет заманында Москвадан чыгып, мезгил-турмуш окуяларын оперативдүү чагылдырган «Огонёк» деген популярдуу журнал болгон. Түстүү сүрөттөрүн студент маалыбызда кыркып, бөлмөлөргө тагып алчубуз. Не деген атактуу артисттер, ырчылар, жазуучулар, спортсмендер, өмүрү өрнөк кишилердин сүрөттөрү кыял-сезим күүлөп, жаштыктын учкул романтикалуу ирмемдери жаралчу эле! 


Дал ошол сөзүнөн сүрөттөрүнө чейин жүрөккө таамай тийген эң популярдуу журналды 1923-жылы 25 жаштагы таланттуу журналист Михаил Кольцов негиздеген. Ал биринчи кезекте, калем кармаган аты али белгисиз, мындайча айтканда, ышкы оту канында кайнаган табигый таланттуу, келечектүү жаштардын агылып келүүчү өз үйү болсун (!) деп максат кылган. Не бир шекчил, өздөрүн классик санаган сөз устаттарынын айнытууларына карабай, «чымыны» барларга атадай кам көрүп, атадай таалим үйрөткөн калемгер ал тобокелдүү ишинен эч жаңылган эмес экен.


Биринчи ыр, аңгеме көтөрүп келгендерди көптөн күткөндөй жылуу сөз, устаттык кеп-кеңеши менен тосуп, жазуучу, журналист болууну эңсеген жаш улан-кыздарга «жазгыла, тынбай жазгыла, улуу жазуучу Чехов айткандай, «сөөмөйүңөр сынып кеткиче жазгыла» деп тапшырма артынан тапшырма берип, аз-аздан журнал редакциясында таланттуулардын «Кольцов мектеби» түзүлүп калганын өзү да элес албаган. Мындайча айтканда, «Огонёк» ышкысы күч жаштарга булак көзүн ачкандай эң сонун мектеп кызматын аткарыш керек деп эсептеген. 


Ошондой окуучуларынын бири – Одессадан Москвага өпчап тыйыны менен келип, жазган ырларын Кольцовго көрсөткөндөн кийин, андан жардам алып, ырдан тышкары аңгеме, макала жазууга өтүп, кийин экинин бирине айланган атактуу калемгер Татьяна Тэсс болуп чыкпады беле! Ал «Известия» гезитинде иштеп турганда Кыргызстан жөнүндө сонун-сонун көркөм очерктерди жазганын кантип унутабыз?


Бир жолу «Огонёкто» М.Кольцов эң кызык конкурс жарыялайт. «Бирдей көлөм, бирдей сюжет менен «Өрт» деген темада аңгеме жазгыла» деп тапшырма берет. 25 автор катышып, алардын ичинде «күч атасын тааныбайт» болуп, өз мектебинин «балапандары» не бир чыгаан калемгерлерди да айраң таңкалтырат. 


Ошондой жакшынын шарапаты менен ушундай салттуулук элдик журнал «Жетигенде» да ондогон жылдар бою үзүлбөй уланып келди. Мектеп демекчи, эгер ал жаңы көктөгөн, эртеңки өнүмү кандай болору белгисиз көркөм өнөр-шык шыбагасына ээ чыгармачыл жаштар үчүн чыныгы мектеп болсо, андан келечекте сөзсүз үзүр артылбай койбойт. Тагыраак айтканда, өскүлөң жаштарды колдоп, алардын угуттуу демине канат байлаткан илгери иш эч качан жерде калбайт. Баба дыйкан деле жаз-күздө үрөн сепкенде майин топуракка асыл тилегин кошо себет эмеспи... 


Өзүбүз иштеген Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика институтунда окуган кара сөз, проза жазууга ышкылуу жаштардын «Матисаков мектеби» аттуу адабий бирикмесин түзгөндө, биз биринчи кезекте дал ушундай чоң келечек көздөгөн ак дилдүү, асыл тилекти көңүлгө түйгөн элек. 


Бул жагынан алганда кыргыз элинин сүймөнчүк журналына айланган «Жетигендин» бетинде он жылга жакын аралыкта «Матисаков мектебинин» мүчөлөрүнүн алтымышка жакын кызыктуу аңгемелери жарык көрдү. Таланттуу жаш калемгерлерге адабий аянтча болуп берген элдик басылманын башкы редактору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абдиламит Жумашев инибизге алкышыбызды айтабыз!


Колуңуздардагы «Миң булак» аттуу жыйнакка болочок журналисттердин өз курагындай мөлтүр жана кыялкеч жазылган аңгеме, новелла, эсселери топтоштурулду. Жарышка түшчү сан күлүк чубатуусундай десек болот. Ар бири кызык, ар бири сыр дүйнө, ар бири жөнөкөй турмуш жыттанып, тамга түбүнөн сергек ой, ишенчээк көңүлдүн деми уруп турат. 


Жалпысынан бул авторлорду «аңгемечилер» дегенибиз туура го, сунушталган аңгемечилер «парадында» демейде майда деп маани бербеген жашоо ирмемдери менен жагдайлар да экранда көрүнгөндөй, жүрөктө купуя жашаган сезим кылдарын күүлөп, «кантип ушуну мурда байкабадык экен?» деп кызык-кызык ойлорго жетелейт. 


Устаттыгы жана баба дыйкандай камкордугу менен чыгаан таланттар «гвардиясын» түзгөн атактуу калемгер Михаил Кольцовдой болбосок да, айта кетели, жыйнакка кирген көбүнчөсү айыл жеринен чогулуп, карапайым турмуштун чордонунда өсүү менен тагдыр шарттаган анын көп окуяларын «өз колдору менен кармалап көргөн» жаш калемгерлердин бири-бирине окшобос көркөм туундуларында өзүнчө кайталангыс чоң аалам жатат! 


Жаштардын көзү курч, акындар айтмакчы, алар баарын жүрөк менен көрөт, ашкере сезимтал жана жасалма жалганды өздөрүнө жуутпас өжөр, көк. Ар биринде дүйнөгө баёо караган көркөм философия, баладай тазалык жана ишенчээктик, анан канаты талыбас куш сыңар көккө учкан романтика бар. Андыктан, алар баарын көргөн-уккандай, эч жерин кемитпей жөпжөнөкөй сөз, эркин толгонуу менен, колдон келсе, көйкашка калемгерлердей көркөм айтып бергиси келет, антүүгө ак эткенден так эте ашыгышат. Албетте, алардыкы эң туура, баладай элирип, дегдеткен мындай далалатты колдоо гана керек. 


Табияттан берилген бул ыйык, сейрек касиетти өз убагында байкоо, туура багыт берүү да оңой жумуш эмес. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» дегендей, кандай болсо да алгач калем тартышынан, алгачкы аңгеме же ой толгоосунан жөндөм-шык белгиси сезилген өнөрлүүнү эч унутта калтырууга болбойт. Алтургай ошондой жаш бүчүр кезинде тепсеп, опсуз сын, чоң талап коюу, ышкы отун суутуу бул – кечирилгис иш.


Убагында айтылган жылуу сөз жана колдоо таланттууга аба менен суудай зарыл. Заманында жалаң майда аңгеме жазган кесиби медик А.П.Чеховду атактуу бир сынчы: «Мындан эчтеке чыкпайт, жазып-жазып бир күнү дубалдын түбүндө аракеч болуп өлөт» деп кемсинтсе, Григорьевич деген аты белгилүү таланттуу жазуучу ал аңгемелерден чоң талант көрөңгөсүн көрө коюп, жылуу сөз, чечкиндүү колдоосу менен мүлдө орус адабиятын сыймыкка бөлөгөн мөлтүр талантка чоң жакшылык кылганын көпчүлүк биле бербес. 


Мактаныч катары айтарым, биздин «Матисаков мектебинде» таланттуулар көп. Анын чындыгын буюрса, мезгил, изденүү, эмгек үзүрү көрсөтөөр. Алардын тунгуч жыйнагы «Миң булак» деп аты айтып тургандай, миң түрдүү таланттар миң түрдүү үн менен сайрашкан, сыймык арттырган өнөр бешиги болсун! Ак жол, силерге, жаш таланттар!


Абдиламит Матисаков, Кыргыз эл жазуучусу, «Матисаков мектеби» адабий бирикмесинин негиздөөчүсү  

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн