Кулжа 27, 2025
Убакыт: 14:33
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.111
1.135

Улан Ниязбеков, КР ички иштер министри: “Жайкы туристтик мезгилди коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярбыз”

27.06.2025 10:20
24
Улан Ниязбеков, КР ички иштер министри: “Жайкы туристтик мезгилди коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярбыз”

- Улан Омоканович, сиз коңшулаш жана чет өлкөлүк кесиптештериңиз менен тыгыз кызматташып келесиз. Бул багыттан алганда, мамлекетибиз үчүн пайдасы тийип атабы?   


- Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын биздин мамлекетибизге, ички иштер министрлигине мааниси абдан зор. Анткени, ириде ички коопсуздугубузду гана чыңдабастан, жалпы дүйнөлүк масштабда да укук коргоо багытындагы иштерибизди өркүндөтүү мезгил талабы. Биринчиден, санариптешкен заманда алкактагы ар кандай терс чакырыктарга каршы баардык мамлекеттер бирге туруп, жапатырмак аракеттенип, кылмыштуулукту ооздуктап, аны менен күрөштү күчөтүшүбүз керек. Экинчиден, баарыбызга белгилүү болгондой, биздин жарандар дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде жашап, иштеп жана окуп жатышат. Алардын коопсуздугу биз үчүн абдан маанилүү. Мына ушул багытта да бир топ үзүрлүү иш-чараларды үзгүлтүксүз ыкчам жүргүзүп келебиз.


Учурда КМШга мүчө мамлекеттер, Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлиги, Россия Федерациясынын ички иштер министрлиги, Росгвардиясы, Түркия, Өзбекстан, Монголия, Казакстан Республикаларынын ички иштер министрликтери, Корея Республикасынын улуттук полиция агентстволору менен кызматташуу боюнча келишимдер,  БЕНИЛЮКС өлкөлөрү (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу, Нидерланд Королдугу), Беларусь Республикасы менен макулдашуулар түзүлүп, кабыл алынган.


Ошондой эле Түштүк Корея, Сауд Арабия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн, Бириккен Улуттар Уюмунун тийешелүү тармактарынан, ЕККУ, Европа Биримдиктин бир катар программаларына ылайык, башка эл аралык уюмдар менен да тыгыз жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн алкагында өздүк курамдын тажрыйбаларын өркүндөтүү аракетинде материалдык-техникалык жардамдар алынган.


Кызматкерлерди чет өлкөлөрдүн окуу жайларына окутуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, зарыл багыттар боюнча билим алууга Россиянын, Түркиянын, Кытайдын жана Өзбекстандын жогорку укук коргоо окуу жайларына жаңы орундар ачылып, биздин азаматтар билим алып жатышат.


Ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында эл аралык өнөктөштөрдөн 400 миллионго жакын суммага автобус, атайын автоунаалар, учкучсуз учуучу апараттар, видеокамералар, видеостеналар, планшет, бодикамералар, криминалистикалык жабдыктар, атайын кийимдер, серверлик жана компьютердик техникаларды алуу менен бирге республиканын айрым аймактарында коомдук алдын алуу борборлору курулуп, айрымдары оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлдү.


ИИМдин жетекчилигинин катышуусунда эл аралык маанидеги, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, элчилери, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн башчылары жана өкүлдөрү менен маанилүү маселелер боюнча жүздөгөн жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, отурумдар уюштурулуп, өз ара кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлуп, жемиштүү кызматташтыкты жүзөгө ашырып келүүдөбүз. Кыргызстандан кылмыш кылып качып кеткен адамдарды кайсы өлкөдө жашырынып жүргөнүнө карабай, кармап келип жоопкерчиликке тартып жатабыз. 


- Санариптештирүү алкагында өлкө коопсуздугун камсыздай турган долбоор канча жылда ишке ашчудай? 


- Санарип тутуму кыргыз милициясынын ажырагыс бөлүгү (!) десем жаңылышпайм. Санарип тармагы аркылуу ишке ашырылган жетишкендиктер, ыкчам-кызматтык ишмердиктеги тажрыйбалар, жаңы көз караштагы программалардын баардыгы өлкөбүздүн жана элибиздин коопсуздугун камсыздоого багытталган.


Бул иштердин алкагында, коомдук жайларга, көчөлөргө, эл көп чогулган жерлерге, соода-сатык түйүндөрүнө, коомдук транспортторго, мекеме, уюм, ишканаларга, чек ара тилкелерине, айыл-шаар жергесине, туристтик аймактарга, дээрлик башка баардык тийешелүү жерлерге видео-камераларды орнотуп, улам барган сайын коопсуздук маселесин жакшыртууну колго алып келе жатабыз. Ага жараша, ааламда болуп жаткан электрондук мейкиндиктеги өзгөрүүлөрдүн ыргагынан чыкпай, жаңы форматтарга кадам таштап, кылмыштуулукка туруштук берүү үчүн заманбап ыкмаларды пайдаланып турушубуз зарыл. Санарип ишмердиги аркылуу кылмыштуулукка каршы күрөшүү методун чыңдап, коом арасында ар түрдүү негатив жараткан фактыларга бөгөт коюу сапатын жогорулатуу, укук бузуулардын, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга бөгөт коюу, өздүк курамдын иштөө сапатын бекемдөө, дасыккан заманбап тажрыйбаларды колдонуу, натыйжада, коопсуз өлкөнү куруу багытында тынымсыз аракеттерди көрүү биздин негизги максаттарыбыздын бири экендигин баса белгилейм. Статистика боюнча 50 миңден ашык камералар реестрге киргизилди.


2025-жылдын беш ай ичинде 741 сырткы видеобайкоо камерасы орнотулган, алардын ичинен коомдук жайларда – 675 жана имараттарда, нөөмөт бөлүктөрүндө, ИИОнун убактылуу кармоочу жайларында – 66. Баардыгы болуп 2025-жылдын 1-июнуна карата Кыргыз Республикасынын ИИМнин карамагына 2107 сырткы видеобайкоо камерасы кошулган, алардын ичинен: коомдук жайларда, көчөлөрдө – 1618, ички иштер башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн имараттарында, нөөмөт бөлүк­төрүндө, убактылуу кармоочу жайларында – 489 видеобайкоо ийгиликтүү иштеп жатат.


Андан сырткары, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына бетти таануу функциясы бар видеобайкоо камераларына 40 миллион сом бөлүндү. Бул суммага сервердик жабдуулар жана башка аппараттык түзүлүштөр, анын ичинде сатып алынган камералар, компьютердик жабдуулар эсебинен видеобайкоо системаларын куруу үчүн лицензиялык программалык ачкычтар сатып алынды. Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 240 видеобайкоо камерасы орнотулуп, алар ИИМдин тутумуна кошулган. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мектептеринде сырткы видеобайкоо камераларын орнотуу жана кошуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы аяктагандыгын белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө 218 камера кошулуп, иштеп жатат, алар Бишкек шаары боюнча 103 мектептин аймагында орнотулган (мектептин сырткы периметри боюнча экиден камера). Ошого катар Талас, Ысык-Көл облустарында видеокөзөмөл системасы орнотулуп кошулду. ИИМдин тутумуна туташтырылган баардык сырткы видеобайкоо камералары республика боюнча мектептерди ыкчам башкаруу борборунун туруктуу байкоосуна алынган, ал күнү-түнү мектеп аймактарындагы кырдаалга мониторинг жүргүзөт. Мурдагыдай болуп, региондордон маалыматтарды алып, андан кийин ошого жараша координациялоочу иш-чараларды уюштуруу, жүргүзүү деген түшүнүктү биротоло жойдук. Санарип өнүгүүнүн алкагында, баардык ички иштер органдары өз-ара аракеттенүү жүргүзүүсүнө жакшы шарттарды түзүп бердик.


Ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү эмне жумуш алып барып жатышканын онлайн көзөмөлдөөгө, жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алууга багытталган “Санарип Жибек Жолун” ишке киргиздик. Бул тутумдун алкагында, кылмышкерби же дайынсыз жоголгон адамдар болобу, алар боюнча баардык ички иштер бөлүмдөрү ошол замат маалымат алышып, издеп табууга мүмкүнчүлүктөр жаралды. 


Андан тышкары, кызматтык автоунаалардан баштап, атайын күжүрмөн техникаларды, тийешелүү санариптик технологияларга чейин белгиленген тартипте алып, иш жүзүндө колдонууга бердик. Мына ушул иш-аракеттердин баары азыркы тапта жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө. Тактап айтканда, акыркы төрт жылдан бери кылмыштуулуктун катталуусу дээрлик 69 пайызга азайды. Кылмыштардын бетин ачуу, аны сапаттуу тергөө жана кылмыштарды болтурбоо, алдын алуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.


Санарип системасын чыңдоо – бул видео-камераларды орнотуп коюу менен гана чечилип кетпесин жакшы билесиздер. Ошондуктан, дагы он миңдеген видео-камераларды орнотуп, бир катар жаңы программаларды ишке киргизип, коопсуздук чараларын толук кандуу ишке ашыруу биздин максат. “Коопсуз өлкө” долбоору жүзөгө ашкандан кийин “Акылдуу айыл”, “Акылдуу шаар” сыяктуу жасалма интеллект аркылуу координациялык жумуштарды жүргүзүү процессине өтөбүз. “Кибер-коопсуздукту өнүктүрүп, электрондук чабуулдарга, маалыматтардын уурдалышына, интернеттеги алдамчыларга, санарип террорчулукка жана башка ушул өңүттөгү кылмыштарга каршы күрөшүү иш-чаралары чыңдалууда. Жакынкы арада ички иштер министрлиги мамлекеттин коопсуздугун камсыздай турган “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашырат.


- Коңшу өлкөлөргө салыштырып караганда, кыргыз милициясы кандай артыкчылыктарга жетише алды?


- Биз эми коңшу өлкөлөрдүн ички иштер министрликтери менен тыгыз кызматташтыкта иштеп, ар кандай кылмыштарга каршы биргеликте аракеттенип жатабыз. Байланышыбыз, кызматташтыгыбыз, ишмердүүлүгүбүз жогорку деңгээлде десем жанылышпайм. Биз коңшу өлкөлөрдөн артта калган жокпуз, дүйнөлүк заманбап ийгиликтердин агымында баратабыз. Кылмыштуулуктун алдын алуу, кызматкерлерге баардык шарттарды түзүү, эл ишенимине ээ болууга жетишүүдөбүз. Албетте, артыкчылыктарыбыз бар, алдыда иштей турган багыттарыбыз да арбын. Эң негизгиси, кызматташтыктын алкагында биздин региондо коопсуздукту чыңдоодо баарыбыздын тең жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликтерибиз бар!


- Мугалим менен дарыгердин айлыгына караганда милициянын маянасы алда канча жогору эмеспи. Бул жетишкендик барган сайын күчөгөн инфляция, кымбатчылык каатчылыгына туруштук бере алабы?


- Өлкө башчыбыз коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандарыбыздын эркиндигин, коопсуздугун коргоо багытындагы ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүүдө бизге аталык камкордугун көрсөтүп келет. Жүздөгөн жаңы имараттар бүткөрүлдү, учурда курулуп да жатат, заманбап техникалык база менен камсыз болдук, ошондой эле милиция кызматкерлеринин айлыгы бир кыйла жогорулады. Ооба, мугалим, дарыгердин маянасына караганда милициянын айлыгы жогору, бирок анын мекен алдындагы жоопкерчилиги, күнү-түнү ар кандай кырдаалдарда ички коопсуздукту сактоодо, кылмышкерлерге каршы күрөшүүдөгү эмгеги зор экендигин жакшы билесиздер. Учурда кызматкерлердин айлыгы үч эсе жогорулады. Мурда 20-25 миң сом алган кызматкерлер бүгүнкү күндө 60-70 миң сомдон ашык алышууда. Ал эми Баткен жергесинде кызмат өтөгөн кызматкерлердин маянасы беш эсе жогорулады, тагыраак айтканда, 95 миңден 120 миңге чейин айлык алышып, жүктөлгөн милдеттерин аткарып жатышат. Учурдагы айлык акылар баалардын өсүшүнө туруштук бере алат, мезгилге жараша бул багытта да иштер токтоп калбайт.  


- Жылдан-жылга Кыргызстанга келген саякатчылар, туристтердин көбөйүп атканы кубандырып келет. ИИМ чет элдик эс алуучулардын коопсуздугуна канчалык деңгээлде кам көрүүдө?  


- Ички иштер министрлиги жайкы туристтик мезгилди коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө толук кандуу даяр. Республика боюнча баардык туристтик аймактарга ИИМден баштап, жер-жердеги шаардык, облустук, райондук ички иштер органдарынын жооптуу жетекчи курамдагы кызматкерлер бөлүнгөн. Аны менен бирге кылмыштуулукту, эл арасында резонанс жараткан фактыларды болтурбай, укук бузууларга бөгөт коюу ишмердиги күчөтүлөт. Ошондой эле сезон учурунда жалпы эс алуучуларга, чет өлкөдөн келген конокторго сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүлүп, коопсуздук шарттарын жакшыртуу үчүн “Туристтик-экологиялык батальон” түзүлүп, жакында эле ишке киргизилди. Бул кызматкерлер бир нече чет тилдерде эркин сүйлөй алган, ар түрдүү кырсыктардын алдын алууга атайын даярдыктардан өткөрүлгөн, туризм тармагы боюнча баардык маалыматтарды алып жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар офицер курамындагы кызматкерлер болуп эсептелет. Туристтик мезгилде милиция кызматкерлерин жаңы техникалар менен камсыздадык. Алсак, атамекендик өндүрүштөгү жолтандабастарды, квадроциклдерди, кичи автобустарды, атайын чиркегичтери бар сууда жүрүүчү заманбап катерлерди, кар үстүндө жүрүүчү унааларды, дээрлик жаңы заманбап техникаларды да алып бердик.


Ички иштер органдарынын күч каражаттарынын эсеби түзүлүп, жайкы курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелеринде, элдер көп эс алуучу жайлардын аймагында коомдук тартипти 5 миңден ашык милиция кызматкерлери, 1000ден ашык элдик кошуундун мүчөлөрү көзөмөл жүргүзүшөт. Жалпы коопсуздукту, тартипти сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, алардын ишмердигин координациялоо максатында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлдү. Кызматтык тартипти, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо максатында жайкы туристтик мезгилге Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызмат жетекчилеринен жана улук офицердик курамынан турган кайгуул уюштурулат. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагындагы чет мамлекеттен келген эс алуучулардын кайрылуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында “Саll борбору” ачылып, 24 саат боюу 4 тилде жооп берет. ИИОнун өздүк курамына күн сайын мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо, жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен маданияттуу, сылык мамиле жасоо жөнүндө нускамалар күн сайын өткөрүлүп турат. Туристтик сезондун убагында ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.


- Милициянын аброюна көлөкө түшүргөн, булганган кызматкерлер жазаланып келгени баарыбызга маалым. Ошол эле кезде алгылыктуу иштеп, артыкчылыктарды көрсөткөн жетекчилер кандай критерийлердин негизинде бааланат? 


- Биздин ишмердүүлүгүбүзгө эң жогорку баа – жарандардын ички иштер органдарына болгон ишеними. Ошондуктан биз баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, элдин милицияга карата үмүтүн актагыдай кылып иштешибиз керек. Коррупцияга каршы менин көз карашым эч качан өзгөрбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчиликке сөзсүз түрдө тартылат. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу милиция кызматкерлеринин кармалышынын санынын өскөндүгүнүн себеби, коррупцияга аралашкандарды өзүбүз аныктап, тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирет. Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы, прокуратура органдарынын, УКМК кызматкерлери менен биргеликте тийешелүү чараларды жүргүзүп келүүдө. Кызматкерлердин ар түрдүү кылмыштарга жана коррупциялык көрүнүштөргө аралашуусун алдын алып, өз учурунда чаралар көрүлүп жатат. Катарыбыздан тартипти, мыйзамды бузуп, ички иштер органдарынын кадыр-баркына шек жараткан, милициянын беделине доо кетирген кызматкерлерди тазалоодобуз. Эч кимди жаап-жашыруу болбойт. Мыйзам баардыгына бирдей иштеши керек. Ички иштер органдарынын кызматкерлери элдин кызматында жүргөндүктөн, бир дагы мыйзам бузууга жол бербөөгө милдеттүү. Мыйзам менен тартиптин үстөмдүгү болмоюнча, ишмердикти толук кандуу аткарууга мүмкүн эмес. 


Бирок ошол эле убакта таза иштеген, ак ниет, кужүрмөн, патриот кызматкерлерибиз арбын экендигин баса белгилеп кетким келет. Акыркы мезгилдерде милицияга пара берип кармалгандар да катталууда. Мыкты иштеген милиция кызматкерлерине ишеним өтө жогору жана уюштуруучулук дараметтери, тажрыйбалуулугу эске алынып, стимул катары атайын сыйлыктарды ыйгарабыз, азыркы иштеп жаткан ишинен да жооптуу кызматтарды сунуштайбыз. Мыктылар көңүл чордонунда, алар менен биз сыймыктанабыз, ошого жараша абдан чоң жоопкерчилик артабыз.


- Акыркы убактарда жол кырсыктар көбөйүүдө, бул багытта кандай иштерди аткаруу керек? Камсыздандыруу – ОСАГО маанилүүбү?


Тилекке каршы, жол кырсыгы абдан көп катталууда. Каза болгондор, денесинен ар кандай жаракаттарды алгандар да арбын. Жол кырсыгына себеп болгон жарандарыбыз айдоочулук күбөлүктөрдү ар кандай коррупциялык жолдор менен алышып, жол коопсуздугунун эрежелерин билишпейт жана кайдыгерлик кылышууда. Автоунаалардын саны абдан көбөйдү. Жол эрежелерин билген-билбегени деле машина айдап жүрүшөт. Учурда коопсуз жол системасынын негизинде автоматтык программалык комплекстер иштөөдө. Айып пулдар боюнча маалымкаттар эми телефон аркылуу келе баштайт. Жол коопсуздугун сактоо багытында иштеген кызматкерлердин жалпы кырсыктарды азайтууга дараметтери, күчү жетпей жатат, бирок аны азайтуу аракеттери байкалууда.


Ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежелерин сактабагандарга өзгөчө мамиле болот. Кимде ким жол эрежелерин билбесе, “Унаа” мекемесине барып, кайрадан сынактан өтөт, ийгиликтүү жооп берсе, айдоочулук күбөлүгү дароо кайтарылып берилет. Билбесе кийинкиге кала бермекчи. Качан гана айдоочу жол эрежелерин жаттап, сынактан өткөндөн кийин күбөлүгүн колуна алат. Бул жагына өзгөчө маани берилерин эсибизден чыгарбайлы. 


Андан сырткары, жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) жакын арада күчүнө киргени турат. ОСАГО полисин алуу жол кырсыгына кабылган кезде айдоочуларды оолуттуу маселелерден коргой алат. Материалдык чыгымга учураган чакта камсыздандыруу компаниясы төлөп берет. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин системалуу түрдө бузгандардын да саны өсүүдө. Жол кырсыктарынын айынан айдоочулардын ортосунда чатакташуулар көбүрөөк кездешүүдө. Ушундан улам мамлекет тарабынан мындай пикир келишпестиктерден жарандарды куткаруу максатында жана талаш-тартыштарды заманбап иретке келтирүү менен бирге, жол кырсыктарынан келип чыккан чыгымдарды материалдык жактан калыбына келтирүүгө кепилдик берүү жагы каралган. Мыйзамдын негизги максаттарынын бири – жол транспорттук окуялардан жабыркагандардын кызыкчылыгын коргоо, алардын автоунааларын иштетүүдө учураган зыянды калыбына келтирүү укугун коргоо болуп саналат. Ошондуктан жарандарды өз убагында автоунааларын камсыздандырууга чакырам.


- Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандагы сөз эркиндиги муунтулуп атканын ачыктап, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга жылганын жарыялады. 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кеткенин аныкташыптыр. Мындай кысымдардын улана бериши, асыресе, айланып келип эле мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч жаратпайбы?..


- Бизде басма сөз эркиндиги бар экендигин эч ким тана албайт. Бирок, мунун артында да көптөгөн маселелерди унутпайлы. Эркиндикти ашкере пайдаланып кеткендер да кездешип жатат. Кандайдыр бир жагдайга байланыштуу же жеке адамдын ар-намысына, адамдык аброюна, коомдун тынчтыгына шек келтирилген маалыматтар чыгып кетүүдө. Мамлекетибиздин аймагында эч кандай сөз эркиндиги муунтулган жок. Биздин коомубуздун ар бир мүчөсү, ал журналистпи, коомдук ишмерби, блогер болобу, жоопкерчилиги болуш керек да. Ар ким көрүнгөн жерден чыга калып, өзү түшүнүп-түшүнбөй эле эмоцияга алдырып, акаарат сөздөрдү айтып, жалпы коомубуздун туруктуулугуна шек келтирип жаткандыгы өкүнүчтүү. Жазсын, айтсын, эч ким тыйган жок, бирок ээнооздук кылбаш керек, мыйзамдын алкагындагы жоопкерчиликти жакшы түшүнүп, анан сөзүн айта берсин. Эл аралык ар кандай уюмдар биздин мамлекетибиздин ички саясатына кийлигишип, түрдүү ой-пикирлерди тааңуулап, жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүбүзгө аралашпай эле коюшсун. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Ошондуктан демократиянын, басма сөз эркиндигинин эрежесин сактап, анын жоопкерчилиги биздин коом үчүн өтө жогору экендигин ар бир адам эсинен чыгарбашы парз.


Маектешкен: Асланбек Сартбаев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн