Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улуттук госпиталдын базасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары ачылды

20.03.2024 13:41
122
Улуттук госпиталдын базасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары ачылды


Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын базасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканаларынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министр өз сөзүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин калкка жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармек менен кызмат көрсөтүүгө умтулуусун баса белгиледи. "Эл Аман" дарыканалары калкка өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган, жеткиликтүү баадагы дары-дармектердин түрүн сунуштайт.

Белгилей кетсек, республикада бардыгы болуп 77 мамлекеттик дарыкана иштеп, жеткиликтүү баада сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылууда.

Мындан тышкары, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы аркылуу эндопротездөө, стент коюу сыяктуу жогорку технологиялык медициналык кийлигишүүлөргө муктаж бейтаптар керектүү протездер жана стенттер менен камсыздалат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн