Бугу 01, 2024
Убакыт: 02:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Умрага, дааватка баргандар чындыкты айтышы керек болчу

31.03.2020 10:27
864
Умрага, дааватка баргандар чындыкты айтышы керек болчу



Дин жолуна түшөм десең анда биринчи өзүңдү тазала. Көкүрөгүң чынчылдыкка ыймандуулукка абийирге тунсун. Оюңду, оозуңду тазала. Сылык сүйлө, сабырдуу бол. Уга бил. Көтөрүмдүү бол. Жөнөкөй бол. Жалганчылыктан кач. Чындыкка жабыш. Калп сүйлөбө. Алдамчылыкка барба. Текеберчилик кылба. Бой көтөрбө.Дараметиң жеткиче башкаларга жардамдаша бил. Жаманчылык кылба. Арам жолду баспа. Аракет ишиңдин тескери жагы билинсе ошол замат моюнуңа алып ачык айтып Жараткандан жана жамааттан кечирим сура. Карасанатай иштерге барба. Жараткан Кудайым ушундай жолду жактырат. Бул жол Жараткан Кудайдын сүйгөн жолу. Мындан да көп эрежелери бар. Жок дегенде ушул эрежелерди толук сактаарыңа ишенгенден кийин анан дин жолуна түшүүгө бет ал. Ушул эрежелерди сактоого эркиң жетпесе Жараткан Кудайды алдап күнөөкөр болбо. Жараткан Кудайдын эң жаман көргөнү эки жүздүү алдамчылык. Бул эрежелер бир эле Ислам динине эмес дүйнөдөгү баардык диндерге тешелүү жалпы эрежелер.


Бүгүн Кыргыз эли дааватчыларды жаман көрүп Кыргызстанга оору алып келишкени үчүн жектеп атышат. Туура алар дааватка, Умрага оору жуктуруп келиш үчүн барышкан эмес. Кырсык болду. Жуктуруп келишти. Алардан бүт Кыргызстанга оору тарап атат. Алардын күнөсү эмнеде? Кыргызстандын босогосун атташаары менен чындыкты айтуулары керек болчу. "Мен (маселен) Пакистанда дааватта 4 ай жүрүп келдим. Ал жакта коронавирус деген оору катуу жайылууда. Мени катуу текшерип 14 күн карантинге алгыла. Кыргызстанга оору алып келип жайылтып күнөкөр болбоюн"- деп өздөрү "Соо экенсиң. Кет"- десе да болбой карантинге камалуулары керек болчу. Мына ошондо чыныгы дин адамынын ишин жасаган болмок. Жок дегенде "Умрадан, дааватан келгендерден оору чыгып атат"- деген кабар чыгаары менен атайын жайларга келишсе болмок "Мени текшергиле. Мен да ошол сыртан келгендерденмин"- деп. Тымпыйып жашыныш, "Сүрө, дуба окуп айыгып кетем, оорубай калам"- деп карасанатайлыкка барыш дин жолуна түшкөн адамдын иши эмес. Тозокко түшпөйүн деп дин иштерин жасап жүрөм дейсиңер да баскан ар бир кадамыңар сайын тозокко түшүүчү иштерди жасайсыңар. Араңарда азыр да ар жерде даавата жүрүп келгендер бар. Кыргыз эли үчүн болбосо да өз жеке тууган жакындарыңар үчүн. Өзүңөр карманган ислам дини үчүн ачыкка чыгып келип тиешелүү оргондарга айткыла. "Мени текшергиле"- деп. Силер тирүү басып жүргөн жай жарылуучу бомба болуп атасыңар. Канча эрте келип текшерилсеңер ошончо жакшы болот.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн