Бугу 05, 2025
Убакыт: 21:15
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.050
1.090

“Үмүт” кыймылы жаңы бийликке талап койду

05.11.2020 13:27
1863
“Үмүт” кыймылы жаңы бийликке талап койду


Курамына 15 партиянын мүчөлөрү кирген “Үмүт” кыймылы жаңы бийликке бир нече талап койду. Алар бул тууралуу 5-ноябрда өткөн брифингде айтты.


Кыймылдын талабы боюнча парламенттик шайлоо БШК жарыялаган 20-декабрда өтүшү керек. Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке өтүү босогосун 3 пайызга түшүрүп, Форма-2ни жойгон мыйзамга тез арада кол коюшу керек. Мындан сырткары, “Үмүт” кыймылы учурдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары тез арада токтотулушу зарылдыгын эскертүүдө. Ага 5 жыл мурда шайланып келген парламенттин мөөнөтүнүн аяктаганын себеп кылууда.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн