Теке 27, 2024
Убакыт: 15:35
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Уникалдуу «Каркыра» тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушунун биринчи этабы башталды

13.05.2024 17:22
688
Уникалдуу «Каркыра» тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушунун биринчи этабы башталды


Уникалдуу «Каркыра» тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушунун биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бул долбоор өлкөдөгү туризмди жана спортту өнүктүрүүдө чоң максаттарды көздөйт. Ысык-Көл облусунда быйыл жыл бою иштей турган тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушу башталган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов иш сапарынын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү менен жеке таанышты.


Долбоор ишке ашыруунун алты этабын камтыйт жана учурда курулуш аянтын жабдуу, анын ичинде техникалык жолдорду жана электр линияларын түзүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Коттедждик шаарчаны курууга керектүү материалдар объектке жеткирилген.


Долбоор ишке киргенден бери бир топ иштер аткарылды: долбоордун өзүн ишке ашыруунун планы жана концепциясы иштелип чыкты, комплексти куруу үчүн жер тилкелерин каттоо иштери жүргүзүлдү. Талантбек Иманов белгилегендей, комплекс Ысык-Көл облусундагы мындай типтеги биринчи ири эс алуу борбору болот.


"Долбоордун алкагында массалык спорттун ар кандай түрлөрүн, кышкы жана жайкы эс алууну жана жогорку жетишкендиктердин спортун өнүктүрүү, машыгуу процесстерин жана мелдештерди өткөрүү үчүн, анын ичинде Эл аралык лыжа федерациясынын (FIS) колдоосу астында объект жана курулмалардын заманбап инфраструктурасын түзүү каралган", - деди Талантбек Иманов.


Маалымдама: Инвестициялык долбоорду «Экогород Каркыра» ЖЧКсы ишке ашырууда. Долбоордун наркы 191 млн. доллардан ашык.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн