Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Японияда бир Aomori Heartbeat таттуу гилас 300 долларга сатылды

27.06.2022 15:03
597
Японияда бир Aomori Heartbeat таттуу гилас 300 долларга сатылды


Япониядагы Aomori Heartbeat гиласынын биринчи аукционунда бир мөмөнүн максималдуу баасы 40 000 иенди, башкача айтканда, болжол менен 296 долларды түзгөн, деп билдирет NHK.


Аомори префектурасынын өстүрүүчүлөрү үч жыл мурун өздөрүнүн Aomori Heartbeat сортун активдүү сатыкка чыгара башташкан.


Быйылкы биринчи аукциондо бир мөмөнүн баасы рекорддук көрсөткүч болуп калды. 15 даана мөмөнүн кутусу 600 миң иенге (4,4 миң доллар) сатылса, бир мөмөнүн баасы 40 миң иенди (296 доллар) түзгөн. Бул былтыркы баадан 25% жогору. Жалпысынан 11 куту сатылган.


Жаңы сорт мөмөлөрүнүн өлчөмү менен айырмаланат - диаметри 2-2,5 сантиметрге чейин, ачык кызыл түсү, жаркырагандыгы, бай даамы балансы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн