Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 15:29
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

ЖК төрагасы: Парламенттер аралык форум маанилүү демилгелер талкууланган башкы аянтчага айланды

23.09.2025 13:46
17
ЖК төрагасы: Парламенттер аралык форум маанилүү демилгелер талкууланган башкы аянтчага айланды


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жетекчилиги астында “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер” аттуу Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форуму башталды. 


Алгач коңшу өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен Бишкек шаарында жолугушуп жатканына кубанычта экенин айткан төрага Нурланбек Тургунбек уулу бул парламенттер аралык форум кыска убакыт аралыгында эле маанилүү демилгелер талкууланган башкы баарлашуу аянтчасына айланганын баса белгиледи. 


“Соңку жылдары чөлкөмдөгү беш мамлекет ортосунда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жигердүү өнүгүп, анын ичинен парламенттер аралык диалог активдүү жүргүзүлүп келет. Айрыкча кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларынын такталышы эки өлкөнүн гана байланышын бекемдебестен, Борбор Азиядагы алакаларды жаңы деңгээлге чыгаруусуна түрткү берди. Биз мындан ары калыптанган байланыштарды дагы өнүктүрүп, климаттын өзгөрүшүн жөнгө салуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, транспорт жана соода байланыштарын кеңейтүү сыяктуу маселелер боюнча биргелешип иш алып баруубуз зарыл. Анткени, аталган багыттарда күчтөрүбүздү бириктирип, чогу аракет кылганда гана жакшы натыйжаларга жетишерибиз анык”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.


Ошондой эле  кыргыз тарап өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен агроөнөр жай комплекстерин ачууга, чек ара инфраструктурасын модернизациялоого жана биргелешкен туристтик маршруттарды негиздөөгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Бул тармактар жаңы жумуш орундарын түзүү жана туруктуу өнүгүү боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн