Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ЖМК: Курандын өрттөлүшү Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө коркунуч туудурушу мүмкүн

03.07.2023 10:55
586
ЖМК: Курандын өрттөлүшү Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө коркунуч туудурушу мүмкүн


Стокгольмдо Куранды өрттөлүшүнө байланыштуу кезектеги акция жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын буга кескин реакциясы Швециянын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүн кечеңдетиши мүмкүн, деп жазат Milliyet гезити.


Стокгольмдо Курман айт майрамы маалында Курандын кордолуп, өрттөлүшү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири резонанс жаратты. Бейшемби күнү ондогон ирактыктар өлкөнүн Багдаддагы элчилигинин алдына нааразылык акциясына чогулду. Окуяга ошондой эле Алжир, Ооганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан, Араб мамлекеттер лигасынын баш катчысы Ахмед Абул Гейт жана Перс булуңундагы араб мамлекеттери боюнча кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Джасим аль-Будаив нааразылыгын билдирди. Иорданиянын жана БАЭнин тышкы иштер министрликтери Швециянын элчилерин чакырып, аларга нааразылык нотасын тапшырышты. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган бул акцияны “жийиркеничтүү” деп атады.


"Түркиянын көптөгөн расмий өкүлдөрү, анын ичинде президент Режеп Тайып Эрдоган Швециянын борбору Стокгольмдогу мечитте Курандын өрттөлүшүнө катуу реакция жасашты. Бул скандинавиялык өлкөнүн аскердик альянска мөөнөтүнөн мурда кирүү мүмкүнчүлүгүн ого бетер коркунучка салды", — деп белгилейт басылма.


Белгилей кетсек, Швециянын НАТОго кирүүсү Литванын борбору Вильнюс шаарында 11-12-июлда өтөт.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн