Бугу 05, 2025
Убакыт: 11:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.050
1.090

Жалал-Абаддагы рейдде оор жумушка тартылган 8 өспүрүм аныкталды (сүрөт)

18.06.2020 12:34
1100
Жалал-Абаддагы рейдде оор жумушка тартылган 8 өспүрүм аныкталды (сүрөт)


Жалал-Абад ШИИБ тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылуусунун алдын алууга багытталган «Эмгек жана өспүрүм» аталышындагы рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, рейд учурунда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылган 8 учуру аныкталды. Анын ичинен 7 өспүрүм Сузак районунун тургундары экени такталып, топтолгон материалдар сунуш иретинде Сузак РИИБге жөнөтүлдү. 


"Рейд учурунда өспүрүмдөр көбүнчө курулуш материалдарын сатуу жана жасалгалоо тармактарында, унаа жуучуу жайларда эмгектенип жатышкандыгы белгилүү болуп, жумуш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди. Жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштер алдыда дагы улантылмакчы", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн