Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жапонияда учак кырсыкка кабылып, алты кишиден турган экипажынын бешөө мерт болду

03.01.2024 10:42
1544
Жапонияда учак кырсыкка кабылып, алты кишиден турган экипажынын бешөө мерт болду


Жапонияда кырсыкка кабылган Жээк күзөт кызматына таандык учактын алты кишиден турган экипажынын бешөө мерт болгону, аны сүзгөн жүргүнчү ташыган учактын ичиндегилердин баары аман куткарылганы кабарланды.

Кырсык кечээ, 2-январда борбор шаар Токионун «Ханеда» эл аралык аэропортунда болгон.

Саппоро шаарынан учуп келип, аэропортко конуп жаткан Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы учуу-конуу тилкесинде учууга камданып турган Жээк күзөт кызматынын учагын сүзө кеткен.

Эки учакты жалындаган өрт каптаган.

Жээк күзөт кызматынын учагы жер титирөөдөн жабыркаган Нигата шаарына жардам жеткирүүгө камданып жатканы белгилүү болду. Ичиндеги экипаждын беш мүчөсү каза тапты, алтынчысы оор абалда ооруканага жеткирилди.

Ал эми Japan Airlines авиакомпаниясынын учагы Токиого Саппоро шаарынан 379 жүргүнчүнү алып келген.

«Ханеда» — Жапониянын жүргүнчү эң көп каттаган аэропортторунун бири. Жаңы жылдык майрам күндөрү анда эл абдан көп болот.

Бул окуя Жапонияда 1-январдагы элүү чакты адамдын өмүрү кыйылган катуу жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштери жүрүп, жер дагы катуу силкиниши ыктымал деген кооптонуу күчөп турган чакта болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн