Теке 16, 2025
Убакыт: 06:26
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Жашоо – бул сезүү жана ойлонуу, азап тартуу жана ырахат алуу

15.07.2025 23:14
26
Жашоо – бул сезүү жана ойлонуу, азап тартуу жана ырахат алуу


Жашоо – бул пианино сыяктуу. Анын ак тилкелери да, кара тилкелери да бар. Бирок бир нерсени унутпоо керек: кара клавищалар деле музыканы пайда кылат.

(Гарри Стайлз)


Мен машыкканды жаман көрчүмүн, бирок өзүмө “калган өмүрүңдү чемпион болуп өткөргүң келсе азыр кыйнал” деп айтчумун.

(Мохаммед Али) 


Сени азапка туш кылган нерсе сага жыргал да тартуулайт. Сенин турмушуңду чулгаган караңгылык – сен үчүн жашоо жарыгы.

(Джалаледдин Руми)


Жакшы жашоо бекер келбейт.

(Иосиф Сталин)


Өмүрү өзгөчө баалуу кишилер өлүмдөн баарынан аз коркушат.

(Иммануил Кант)


Жашоо бизге дайыма маркумдар тирүүлөргө караганда бактылуурак экенин далилдеп турат. Дегеле төрөлбөгөн киши – эң бактылуу киши.

(Сулайман падыша)


Жакшы адам жашоодон да, өлүмдөн да коркпойт.

(Сократ)


Сенин ойлоруң сенин жашооң болуп калат.

(Марк Аврелий)


Ар бир адамдын жашоосунда эки улуу күн болот: ал туулган күн жана ал эмне үчүн туулганын түшүнгөн күн.

(Марк Твен) 


Биз баарыбыз генийбиз. Бирок, биз балыкка даракка чыга алганына же чыга албаганына карап баа берсек, ал өмүр бою өзүн “келесоомун” деп ойлоп өтөт.

(Альберт Эйнштейн) 


Кыйынчылыгы жок жашоо – жашоо эмес.

(Сократ)


Өлүм – жашоодогу эң чоң жоготуу эмес. Эң чоң жоготуу – бул биздин ичибиздеги биз тирүү кезде өлүп калган нерсе.

(Тупак Амару Шакур)


Жашоо керемет нерсе, жадагалса медуза үчүн да.

(Чарльз Чаплин)


Бул жаман жашоо эмес, болгону жаман күн.

(Джонни Депп)


Адам өзгөрбөй калган учурда өлөт. Жерге берүү – бул жөн гана формалдуулук.

(Генри Форд)


Бийиктикке умтул, бирок эң жогорку бийиктикке сен эч качан жете албайсың.

(Сальвадор Дали)


Жашоонун маңызы нөшөр качан токтошун күтүп отурууда эмес, жамгыр жааганына кубанганга үйрөнүүдө.

(Вивиан Грин)


Өлүм – проблема эмес. Проблема – маңызы жок жашоо.

(Лама Оле Нидал)


Өзүң үчүн жашаган – чирүү, үй-бүлөң үчүн жашаган – күйүү, элиң үчүн жашаган – нур чачуу.

(Чыгыш накылы)


Жашоо – бул сезүү жана ойлонуу, азап тартуу жана ырахат алуу.

(Виссарион Белинский)


Биз жашообуздун китебин оңой гана отко ыргытып коюшубуз мүмкүн, бирок анын бир да барагын жулуп сала албайбыз.

(Жорж Санд)


Адамдын эки жашоосу болот: экинчи жашоо өмүр бирөө гана экенин түшүнгөн күндөн башталат.

(Конфуций)


Турмушка ишениш керек, себеби, ал бизди ар кандай китепке караганда жакшыраак үйрөтөт.

(Гете)


Максатка жетиш үчүн адегенде ошол жакты көздөй басыш керек.

(Оноре де Бальзак)


Пайдасыз жашоо – мезгилинен эрте өлүү.

(Гете)


Кадам эле таштасаң, жол өзү пайда болот.

(Стив Джобс)


Жашооңо наалыба, анткени, кимдир бирөө сеникиндей жашоого да зар.

(Оноре де Бальзак)


Чабал адамдар башкалардан кем болбоого аракет кылышса, күчтүү кишилер башкаларга караганда мыкты болууга далалат жасашат.

(Борис Акунин)


Кээ бир нерселер сенин көңүлүңдү бурушу мүмкүн, бирок сенин жүрөгүңдү ээлеген гана нерсени жасаш керек.

(Индия накылы)


“Билбейм” деп айтканды үйрөнсөң, ушунун өзү прогресс болот.

(Моисей Маймонид) 


Шамал жок болсо, калакты колго ал.

(Латын накылы)


Эригип өлгөндөн көрө жинигип өлгөн жакшы.

(Винсент ван Гог)


Үч учурда: 7 жашка чейин, тренингде, анан турмуш кыстаганда бат үйрөнөсүң.

(Стивен Кови)


 Мамат Сабыров

 "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн