Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбековичти жана Мамбетаипов Кабылбек Маматжановичти Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү кызмат ордуна дайындоо маселеси каралды.
Президенттин сунуштамасын жана талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаиповду Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү кылып шайлашты.
Жогорку Кеңеш мындан тышкары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Дубанбаева Анар Сартбаевнаны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени да карады.
Маалымат менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.
Жыйынтыгында Анар Дубанбаева жеке арызынын негизинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн