Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жон Кеннеди - эң таасирдүү президенттин сырдуу өлүмү

23.11.2023 19:40
2686
Жон Кеннеди - эң таасирдүү президенттин сырдуу өлүмү


Мага Америка эмне кылды деп сурабай, өлкөмө кандай кызмат кылдым деп өзүңдөн сура” (Ж.Ф. Кеннеди).

60 жыл мурда, 1963-жылы 22-ноябрда Американын тарыхындагы эң таасирлүү президентти атып өлтүрүштү.

Жон Кеннеди президент болуп 1960-жылы 8-ноябрда шайланып, туура 3 жыл 14 күндөн соң курман болду. Даллас шаарында, чак түштө. Калың элдин көзүнчө бир нече жолу башка ок жеп, каза тапты. Жаңы доордо кубаттуу державанын башчысына, интеллектуал президентке примитивдүү, орой кол салуу ишке ашты. Эмдигиче жандырмагы жанбаган сырдуу өлүм. Кеннедилер эмгиче адамзатты ойлонтуп келет.

Жон Фитцжеральд Кеннеди Америка Кошмо Штаттарынын кол салуудан каза болгон экинчи президенти. Биринчиси Авраам Линькольн, 1865-жылы 14-апрелде театрда киши колдуу болуп каза тапкан. Саясатчыларга кол салуу жалгыз эмес. Тарыхы бай. Саясий курмандыктарга параллель жүргүзсөк, президент Линкольн менен орус императору Александр II калдайып чыга келет. Экөө тең кардиналдуу реформаларды жүргүздү. 1862-жылы 30-декабрда президент Линкольн “Америкадагы бардык кулдар мындан ары жана биротоло, түбөлүк эркин, алардын укугун чектөөгө эч кимдин акысы жок” деп жарыялап, “Кулдарга эркиндик берүү (бошотуу) жөнүндө прокламацияга” кол коет. Ушул Прокламациянын негизинде 1865-жылы АКШ конституциясына XII түзөтүү киргизилип, кулчулукка тыюу салынып, баардык адамдар эркин, укуктары бирдей экендиги жобо менен бекитилет. Прокламация радикалчыл саясатчылар, айрыкча кул ээлөөчүлөр, ири буржуазия тарабынан катуу сынга кабылат. Президент Линкольн Реконструкция аталган кечирим актысын, улуттук элдешүү процессин ишке ашырды, кулчулукту жойду, акыры кул ээлөөчүлөрдүн колунан каза тапты. Александр II цензураны чектеди, демократиялык реформаларды жүргүздү, экономиканы либералдаштырды, Орто Азияны ээлеп алды, крепосттук укукту жойду, бирок 1880-жылы 17-августта террористтер жардырган бомбадан каза тапты.

Айтмакчы, император Александрга баш-аягы жети жолу кол салуу болгон. Саясатчыларга кол салгандар белгилүү, уюштуруучулар аныкталды. А Кеннедиге кол салуунун жандырмагы белгисиз, алигиче табышмак. Албетте, Уоррендин комиссиясы баштаган ондогон изилдөөлөр, анын ичинде толгон-токой конспирологиялык божомолдор, гипотезалар, документалдык баяндар бар. Бирок президентке кол салуу боюнча көптөгөн негизги документтер алигиче жашыруун. Маал-маалы менен ошол документтерге “жашыруун” деген белги коюлуп турат. 1992-жылы Жорж Буш Кеннединин өлтүрүлүшүнө байланыштуу маалыматтарды камтыган документтерди 25 жылдык мөөнөт менен жабык калтыруу тууралуу жарлык чыгарган. Жакында эле президент Жо Байден айрым документтерди жарыкка чыгаруу тууралуу жарлык кабыл алды, бирок бир топ материалдар 2023-жылдын июнь айына чейин жабык бойдон калаарын билдирген. АКШнын Улуттук архиви 515 документ толук бойдон жашыруун, 2545 документ жарым-жартылай жашыруун экенин билдирди.

Президент Кеннеди атылгандан бери 60 жыл ичинде ондогон президент алмашты - агы да, түстүүсү да, республикачылдары да, демократтары да, бирок бири да жашыруун документтерди толук жана биротоло ачыктаганга дааган жок. Эч кимисинин эрки жетпеди. Кеннедини аттыргандар али да күчтүү, ошол кутумду уюштургандардын мураскерлери алдуу окшобойбу.

Кеннеди өлүмгө философиялык мамиле кылган экен. 1962-жылы жайында Мексикага бараардын алдында чалгын кызматы (ЦРУ) Кеннедиге коркунуч бар экенин эскертет. “Жазмыштан кайда качат элек, эгер өлтүрсө, ушу жума деле ылайыктуу, Конгресс идеяларымды колдобой, кыйнап туру” деп тамашага чала жооп берген. Бирок кол салууну эсинен чыгарган эмес. Саясий эрдик жана саясий курмандык Американын тарыхындагы эң жаш президентти көп ойлонткон. Д. Бишоптун “Президент Линкольн атылган күн” деген китебин окуп, автор менен маегинде “ Кол салууга Линкольн сыяктуу эле мамиле жасайм. Ар ким өмүрүн меникине алмаштыра алат” дегенин кийин, Кеннеди өлтүрүлгөн соң улам цитата келтиришип, түркүн жоромолдорду айтышкан.

Кеннеди жубайы Жаклин менен машинада отурат. Кеннедиге ок жаңырарга чейин бир нече мүнөт мурун тартылган сүрөт. АКШ, Даллас, 22-ноябрь 1963-жыл.

Кеннеди интеллектуалдарды башкаруу ишине жана саясий процесстерге батыл аралаштырган саясатчы. Анын администрациясы профессурага жык толгонун белгилешет изилдөөчүлөр. Экономика боюнча кеңешчилери – таанымал профессорлор. Мамлекеттик катчысы Д. Ракс - политологиянын доктору. А. Шлезингер, Т. Соренсен сыяктуу окумуштуулар администрациянын белдүү кызматкерлери. Айтор Кеннеди президент болуп шайлангандагы алгачкы дайындалган 200 адамдын 18% профессорлор эле. Акыл, билим, технология президент Кеннеди үчүн башкы приоритет болгон. Советтер Союзу космоско киши учурганда космосту өздөштүрүү программасын кабыл алган, ошол эле учурда билим берүү системасын реформалоо гана Американын прогрессин аныктай турганын белгилеп, тиешелүү чечимдерди кабыл алган.

Конгресске кайрылуусунда билим берүүнү жана илимди каржылоону эселеп көбөйтүү зарылдыгын белгилеген: “Россия улуттук кирешесинин көп бөлүгүн билимге жумшайт, учурда орустар мындан 25-30 жылга караганда 10 эсе көп инженерлерди даярдап жатат. Эгер илим-билимди, интеллекти баалабасак, Американын келечеги жок”. Ал эми студенттерге “Биздин кризиске орус ракеталары айыптуу эмес. Курал менен утушка жетпейбиз. Ядролук согушта жеңүүчү болбойт. Биздин башкы ресурс – адам жана анын интеллекти. Ватерлоодогу салгылашта Итон колледжи уткан сымал, эгер Советтер Союзунан утулсак, америкалык мектептеги билимден гана утулабыз” деп кайрылган.

Фактыларга таянсак, Кеннединин убагында билим берүүгө жумшалган акча соңку 100 жыл ичинде жалпы коротулган акчадан 2,5 эсе көп болгон. Искусство боюнча комитет негиздеп, архитектура, адабият, театр жана музыканы өнүктүрүү багытында арбын иш жасаган мамлекет башчысы. Америкалык социолог Л. Мэмфорд салыштырма анализдин негизинде, “Кеннеди адабиятты, искусствону жана музыканы, көркөм өнөрдү улуттун турмушунда ардактуу жана татыктуу орунга чыгарган туңгуч президент” деп баалаган.

Терең билимдүү, интеллектуал президент. Гарвардды аяктаган соң Йел университетинде юриспруденцияны үйрөнөт, андан соң Лондондогу экономикалык мектепте окуйт, Принстон университетинде да бир аз окуйт, андан кийин Стэнфорд университетинде билим алат. Бирок Экинчи Дүйнөлүк согуш башталып, Кеннеди аскерге кызмат өтөөгө умтулат. Адатта аскерден калуу үчүн тааныш издесе, Кеннеди аскерге баруу үчүн атасынын досторун пайдаланган. Белин кырсыктатып алгандыктан медкомиссиядан өтпөсүн билип, миллионер атасынын тааныштарынын жардамы менен аскер-деңиз чалгын башкармалыгына кызматка алынат. Кан майданга барбай, штабда аналитикалык иш менен алектенүү Кеннедини канааттандырган эмес. Акыры 1943-жылы Америка аскерлеринин Тынч Океандагы согуштук аракеттерине катышууга мүмкүнчүлүк алат. Соломон аралдарындагы согуштук операцияларга катышат. Торпедалык катердин командири катары анын жан аябаган эрдиктери бат эле оозго алынып, аскер журналисттеринин репортаждарынын каарманына айланат. Эң башкысы, жапон согуштук кемелери менен оор салгылашта кыйраган чакан кемедеги өзүнүн экипажын аман сактап калгандыгы жогорку аскер сыйлыктарына татыйт. Согуш кезиндеги аскердик эрдиктер кокус эмес окшобойбу.

Өмүр максаты болгондуктан, саясий эрдик темасын биринчи козгогон окумуштуу. Сенатор кезинде ушул темага арнап, атайы китеп жазган. “Профили мужества” - "Эрдиктин жүзү" китебинде саясатта каармандыкка барган, саясий ишмерлердин, агымга баш ийбей, эркин ойлонгон, өз идеалдарына бекем, принциптерин сатпаган сенаторлордун эрдиктери талданат. 1957-жылы ушул китеби үчүн журналистикадагы эн абройлуу Пулитцер сыйлыгына арзыйт. Китеп Кеннеди каза болгондон кийин кайра-кайра миллиондогон тираж менен басылып чыгат. Советтер Союзунда китеп 1961-жылы жарык көрүп, бирок сатыкка чыгарылган эмес, “Атайы тизме менен таратылат” деген белги менен саналуу гана кишилердин колуна тийген. Бул окумал президенттин экинчи китеби. Биринчи китебин студент кезинде жазган.

Гарвардда окуп жүргөнүндө “Мүнхендеги тынчтандыруу саясаты” деген диссертациясын жазат. Диссертация кийинчерээк “ Англия эмнеге уктап калды?” деген ат менен китеп болуп жарыяланат. Гитлер бийликке келгенде Батыш Европанын бир катар өлкөлөрү, анын арасында англис өкмөтү балким тоотпой, балким энөөлүк кылып, тил табышабыз, кесепети тийбейт деп бейкапар мамиле жасаганда Черчилль Гитлерди туура баамдап, амбициясы күч, энергиясы ашып-ташыган бул саясатчы балакеттин баарын баштаганы турат, дүйнөлүк согуш босого кирип келди, коммунисттик режим деп СССРди жектебей, аны менен биригели, эмитеден Германияны ооздуктабасак болбойт деп Англиянын менен Европанын лидерлерин чакырган. Эгер эмитен коркунучка каршы чогуу аракеттенбесек, анда эртең дүйнөлүк согушка даярданышыбыз туура келет, ал согушта да Германияга каршы бирге турбасак, баарыбызды бир-бирден жайлайт деп эскерткен. Бир эле айтып тим калган эмес, макалаларында, ар кайсы аудитория менен жолугушууларында, саясатчыларга жазган каттарында, Британ парламентине жолдогон билдирүүлөрүндө кайра-кайра эскертип, өз оюнун тууралыгына ынандырыш үчүн улам жаңы жүйөлөрдү бийлик башындагылардын алдына жайган.

Кедерине кетээр, эли-журтун азапка салаар бийликтегилердин трагедиясы ушунда, өзүнөн башка кишини укпай, манчыркап, биротоло акыл-эстен ажырап калат окшойт. Не Европанын калган өлкөлөрү, не бир кездеги үзөнгүлөштөрү Рэмси Макдональд, Стенли Болдуин жана Невилл Чемберлен жетектеген министрлер кабинети Черчилдин эскертүүлөрүнө көңүл бурган эмес, тилекке каршы. Британиянын расмий бийлиги да Гитлер Европадагы жана калган дүйнөдөгү стабилдүүлүккө коркунуч жаратат, бизди азапка салат, эмитен бирге каршы туралы, даярданалы деген Черчиллдин сөзүнө кулак салган эмес. Черчиллдин айтканы бир нече жылдан соң чындыкка айланды, бирок кубаттанып алган Гитлер бейкапар Европаны аралай чаап, кечиккен Францияны бат эле уйпалап, Англияга мөндүрдөй кылып ок атып, жамгырдай кылып жаа атып жүдөткөн.

Кеннеди Уинстон Черчиллди “Сөздү аскер сымал катарга тизип, Англия үчүн улуу күрөшкө салды, душмандарын акыл менен багынтты” деп баалаган экен. Өзү да Черчиллдин сабагын алса керек. Дегеле Кеннеди жазуучулукка жана журналистикага кызыккан көрүнбөйбү. Согуштан кийин, аскердик кызматтан бошогондон бир аз убакыттан кийин Сан-Франциского репортер болуп барып, У.Р. Херсттун “Hearst Corporatin” медиахолдинги үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун түзүү процессин чагылдырат, конференциянын ишин талдайт. Президент кезинде кызматтан кеткен соң “кайсы бир чоң гезитти, маселен “Вашингтон постту” сатып алып, редактор болсомбу, балким Гарвард университетинин алдында өзүмдүн китепканамды ачсамбы” деген кыялын билдиргени бар.

Кемичиликтери да аз эмес. Ал 1947-1953-жылдары АКШ Конгрессинде Бостон штатынын өкүлү болгон. 1953-жылы сенатор болуп шайланат. Дал ошол сенатор кезинде антикоммунистчил, радикалчыл Жозеф Маккартини улуттук кызыкчылыкка шек келтирген билдирүүлөрү үчүн айыптаган жыйында добуш бербей койгондугу үчүн көзү өткөнчө сын-пикирге кабылган.

Эң таасирлүү инсан. Дүйнөлүк тарыхта чечүүчү роль ойногон саясатчы. 3 жыл гана президент болду. Бирок Берлин кризисин чечүү, Кариб кризисинен тынчтык менен чыгуу, Кубанын жээгиндеги операция, СССР менен космос үчүн күрөштө кабыл алган “Апполон” программасы, Айга учуу программасы, Кеннединин эмгеги экендиги талашсыз. Ал тургай СССРдин башчысы Н.С. Хрущевге Айга учуу программасын биргелешип ишке ашырууну сунуштайт.

Американын атактуу президенти Джон Кеннеди саясий жоопкерчиликке мамилеси жана эрдиги сабак болууга тийиш. Кеннеди аскер күчтөрүнүн, чалгын кызматтарынын, саясий топтордун жана алардын артында турган ири финансылык корпорациялардын басым-кысымына карабастан Кубадагы СССР менен АКШ тирешүүдө куралдуу кагылыштан баш тартып, өзөктүк согуштан дүйнөнү сактап калган. Ушул кадам саясий жоопкерчиликтин накта үлгүсү. Андан тышкары, президент Кеннеди өзү өкүлү болгон финансылык, согуштук-өнөр жай компаниялардан көз каранды эместигин далилдей алган. А балким дал ушул өлкө алдында, эл алдында, ири держава болгон соӊ дүйнө астында жоопкерчилигин сезген, аны колдогон ар кандай күчтөрдөн көз каранды эмес президентти дал ошол эркин саясаты үчүн атып өлтүрүшкөндүр.

Эрдиктери – 1) Кариб кризисинде компромисске барды. 2) Въетнам согушунда белчесинен баткан Американын аскерлерин чыгарды, 3) Мына башталат деген өзөктүк согушка жол бербеди. Кеннединин демилгеси менен 1963-жылы Москвадагы конференцияда АКШ, СССР жана Улуу Британия абада, жерде жана сууда өзөктүк куралды сыноого тыюу салган келишимге кол коюшат. Ушуга улай, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан орбитага бортунда өзөктүк курал бар кемелердин чыгышынга тыюу салган резолюция кабыл алынышына жетишет. 4) Согуштук өнөр жайга жумшалуучу акчаны азайтты. Кеннединин жарлыгы менен 1961-жылы куралданууну контролдоо боюнча агенттик түзүлөт. Бул аскер өнөр жайлары үчүн оор сокку эле. Согуштук өнөр жай магнаттарынын, олигархтардын, миллиардерлердин эркинен көз каранды эмес, саясий коньюнктурага баш ийбеген акыркы президент.

Кеннеди 1961-жылы Тынчтык корпусун түзөт. Корпус бүгүнкү күндө дээрлик баардык континентте бар. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) да Кеннеди 1961-жылы түзгөн кубаттуу уюм.

Латын Америкасына экономикалык колдоо программасын жарыялап, ишке ашыра баштаган. Ушул программа Латын Америкасын АКШнын орбитасында сактап калуунун негизги фактору, алиге күүсүндө.

Коммунизмге айыпталган биринчи жана акыркы президент. Кеннеди 1963-жылы катуу муктаждыкка кабылган СССРге 250 миллион долларга эгин сатуу келишимин колдойт. Албетте, бул кадам дан жетишсиздигинен СССРди сактайт, АКШга киреше алып келет, бирок Америкада Кеннеди коммунизмге жан тарткан президент катары сынга кабылат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) анабашы болгон жалпы европалык коопсуздук жана кызматташтык кеңешмеси да Кеннединин тышкы саясий демилгеси. Азыр негедир айрым ири державалардын лидерлери көп колдонбой калган, бирок дипломаттар үчүн чоң мааниге ээ “коопсуздук архитектурасы” термини да Кеннединин ишмердүүлүгүнө байланыштуу. “Тынчтыкка саясий лидерлер жооптуу. Тынчтыкты биздин учурда гана орнотуу менен чектелбестен, келечекте да камсыз кылууга тийишпиз, бул баарыбыздан кызматташтыкты талап кылат”. Кеннединин бул тезиси бүгүн болуп көрбөгөндөй актуалдуу.

Президент болуп шайланганда инаугарциясында сүйлөгөн сөзү саясатчылар учүн хрестоматиялык окуу куралы. 20-январда, кычыраган кышта башкы аянтта жылаң баш, пальтосу жок, жука кийинген президент эл алдында сүйлөйт. Аянтка чакырылып, эшикте туруп, үшүгөн адамдар да, жылуу үйлөрүндө телевизор тиктеген миллиондогон адамдар да жаңы президенттин “Биз биринчи америкалык революциянын мураскерлерибиз. Улут туусу америкалыктардын жаңы муунунун – согушта сыналган, суукта чыңалган, ысыкка байымдуу, ачуу-таттууну бирдей көтөрө билген, байыркы тарыхы менен сыймыктанган муундун колунда экенин баары билүүгө тийиш” деп башталган сөзүнө бекем ишеним арткан.

Айтмакчы, Американын дагы бир популярдуу президенти Билл Клинтон 1963-жылы, студент кезинде жаштардын делегациясы менен бирге Ак үйгө барып, Кеннедиге учурап, сөзүн уккан. Президент Кеннеди, анын сөзүнүн мааниси катуу таасир калтырса керек, Кеннединин инаугурациялык салтанаттагы ыкмасын кийин, Билл Клинтон өзү президент кезинде колдонгонуна мен тике күбө болдум. 1995-жылы Вашингтондо жаңы жылдык майрам алдында Эркиндик аянтында президент Клинтон элди куттуктап, сөз сүйлөдү. Анын алдында Клинтон суукка урунуп, биртике сыркоолосо керек, бир-эки күн көрүнбөй калган. Гезиттер чуулдап, президент кайда, ооруй турган убакыт эмес азыр деп, бир топ сынга кабылган. Жамгыр аралаш кар жаап, эшик суук. Ага чейин сыркоолоп жатат деген президент элдин алдына жука пальто кийип, жылаң баш чыкты. Эртерээк келди, көпчүлүктүн көз алдында көпкө турду. Мен дипломатиялык сапар менен Вашингтондо элем. Албетте, катыштым, көрдүм, уктум, сабак алдым. Ошол кезде Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү (бизче пресс-катчысы) Р. Николас Бернс менен мурда тааныш болгондуктан андан даап сурадым, “Президент сыркоолоп жатпады беле, эми кычыраган суукта жука пальто, баш кийимсиз, далайга турду, кайра суук тийгизип алып, сынга кабылбайбы?”. “Жок. Биздин президент суукка байымдуу, ысыкка күйүмдүү, сыркоого моюбас адам улут лидери экенин кыйытты”. Бул жоопту укканда кышында костюмчан турган президент Кеннединин инаугурациясы, анын ысык-суукка, ачуу-таттууга бирдей көтөрүмдүү бийлик тууралуу сөзү көз алдыма шашпай тартылды.

43 жашында бийликке келген президент Кеннеди шайлоо кампаниясында биринчи болуп теледебатты уюштурган. “Жаңы чектер” деген программасы менен атаандаштарын утуп, Америкага чындыгында жаңы үмүттөрдү тартуулаган, Американын дүйнөдөгү жаңы ролун камсыз кылган лидер. Тышкы саясатта “ийкемдүү мамиле” принцибин мыктап колдонгон дипломат.

Кеннединин ички социалдык-экономикалык саясаттагы реформалары майнаптуу. АКШнын эң кубаттуу атаандашы СССРдин аналитиктеринин жана Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Кеннеди президент кезинде АКШнын улуттук дүң кирешеси 500 млрд доллардан 622 млрд долларга чейин, башкача айтканда 25% өскөн. Дүң киреше жылыга 5,6% көбөйгөн. Инфляция ооздукталып, 1% түшкөн (Н. Н. Яковлев. Преступившие грань -М. 1970. 206-б).

Жогоруда айткандай, Кеннеди кара түстүүлөрдүн укугун актарга теңеп, расалык дискриминацияны жойгон. Муну менен чектелбей, 1963-жылы июнда коомдук жайларда расалык сегрегацияга тыюу салган мыйзам долбоорун Конгресске сунуштайт. Мартин Лютер Кингди колдоп, аны кабыл алган туңгуч президент.

Кеннединин президент катары утуштары көп. Утулушу – өзү. Сабактары арбын, таалими артык чыныгы улуттук лидер.


Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн