Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 12:19
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Жумгалда дайынсыз жоголгон жарандардын апасы менен ӨКМдин өкүлдөрү жолукту

04.11.2024 19:35
1041
Жумгалда дайынсыз жоголгон жарандардын апасы менен ӨКМдин өкүлдөрү жолукту


Бүгүн Нарындын Жумгалында ата-баланы издөө кайрадан таң эрте улантылып, ага жалпысынан 56 адам, 4 дрон тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев кечээ, 3-ноябрда жоголгон адамдардын апасы Жыпариса Сыдыковага, үй-бүлөсүнө жолугуп, издөө иштеринин жүрүшү тууралуу баяндап, мындан ары ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн куткаруучулдары издөөнү улантарын билдирди.


Анын айтымында, ата-баланы издөө иштери дарыя жээктери, кооптуу жана күмөн жараткан кокту-колоттордун бардыгы жөө, атчан жана дрон аппараттарынын жардамы менен каралып чыкты. Издөөнүн алгачкы фазасында куткаруучулар, милиционерлер жана жергиликтүү тургундар баш болуп, күнүнө 100дөн ашуун адам чыгып турушкан.


Мындан сырткары 2-ноябрда райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучусу, милиционер жергиликтүү тургундар менен биргеликте Камбар-Ата ГЭСинен жогору жайгашкан алыскы өрөөнгө жөнөтүлгөнүнө токтолду. Өрөөндө Нарын дарыясы жайылып аккандыктан, ошол аймактан жумгалдык ата-баланы издөөгө жалпы 8 адам чыккан.


Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. Андан бери издөө иши ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн