Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшырганын ар кандай себептерге байланыштыруу туура эмес, - Орунбеков

24.04.2024 16:12
685
Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшырганын ар кандай себептерге байланыштыруу туура эмес, - Орунбеков


Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун өз каалоосу менен мандатын тапшырганын ар кандай себептерге байланыштыруу туура эмес. Мындай пикирин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Коргонбай уулунун мандатын тапшырганын башка нукка бурмалап чагылдырып жатышкандыгын айтты.

"Тактап айтканда, буга чейин эл өкүлү менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боек беришүүдө.

Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү - өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок", - деди Орунбеков.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу өз каалоосу менен мандатын тапшырууну чечип, БШКнын дарегине арыз жазган.

Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми президенттин жарлыгынын негизинде эки айдын аралыгында аталган округда кайра шайлоо өтүшү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн