Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Зайнидин Курманов: Июнь окуялары иликтениш керек, эл чындыкты билсин

05.04.2021 10:48
1207
Зайнидин Курманов: Июнь окуялары иликтениш керек, эл чындыкты билсин

  

Июнь окуяларын иликтөө боюнча тапшырма берилгени туура болду, себеби эл чындыкты билиши керек. Мындай пикирди саясат таануучу, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул окуяны иликтөөгө себеп бар, ошондуктан иликтениш керек болуп турат. Ошол убакта көп нерсе ачылган жок, чындыкты эч ким билген эмес. Бул маселе көпчүлүк элге кызык. Күтүлбөгөн жерден бир топ адамдардын өмүрү кыйылган.

 Учурунда эл аралык комиссиялар иликтеп чыгып, корутундусун чыгарганда бир топ эксперттер талашып-тартышкан. Себеби ал учурда Убактылуу өкмөттүн кызыкчылыктары бар болчу да. Эл аралык тартип бар: улуттар аралык чыр-чатак болгондо эл аралык комиссия иликтейт. Себеби эл аралык коомчулук улуттук комиссияларга ишенбейт. Ошол учурда бир жагынан Убактылуу өкмөт турган да”, - дейт саясатчы.

 “Бул окуяны таза иликтеп, чекит коёбуз дешсе көрөлү, кимиси ким, кимиси эмне болгонун", - деген Зайнидин Курманов  эмне себептен бир заматта ушундай окуя болуп кетти? Бийлик колунда турганда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз иликтөөсүн жазап, чындыкты ачыкка чыгарганы эң туура, деген ойдо. "Ким күнөлүү? Эмне болду? Кайсы адам кандай жоопкерчиликте турган? Азыр убактылуу өкмөт корпойбуз деп жатат. Коркпосо анда жооп берсин”,  - деп белгилейт ал.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
EDEM
Жакынкы убактарда чындык айтылбайт. Анткени бул окуяга Россиянын түздөн-түз тиешеси бар. А биздин чоңдор чындык болсо да Москвага карата терс пикир айта албай турганы баарына белгилүү.