Бугу 01, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Зеленский Саакашвилиге вице-премьерликти сунуштады

22.04.2020 22:44
1077
Зеленский Саакашвилиге вице-премьерликти сунуштады


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленский ага вице-премьерлик кызматты сунуштаганын айтып чыкты. 


"Мен президент Владимир Зеленскийди шайлоо учурунда жана ал президент болуп турганда колдоп келгем. Анын командасына Украинанын үмүтү чоң деп билем. Мен Жогорку радада кечиктирбей турган өзгөрүүлөр, өкмөттүн курамында аткара турган менин милдеттерим тууралуу өзүмдүн программамды сунуштайм", - деп жазган Михаил Саакашвили 22-апрелде фейсбуктагы баракчасына.  


Саясатчынын сөзүнө караганда ал Зеленскийдин чөйрөсүндөгүлөр менен жана Украинанын парламентиндеги бардык патриоттук күчтөр менен иштешүүгө даяр.  


52 жаштагы Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили  губернаторлуктан кеткенден кийин  оппозицияда жүргөн. 2017-жылы украин президенти Петр Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн