Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:13
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Зилзала: Түркияда 5894, Сирияда 1250 киши каза болду

08.02.2023 08:14
318
Зилзала: Түркияда 5894, Сирияда 1250 киши каза болду

Бүгүн, 8-февралга карата Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай берген маалыматка ылайык 5894 киши набыт болду. 


Ошондой эле 34 миң 810 адам жаракат алган.

Түркияда 36 өлкөдөн келген куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.


Ал эми РИА Новости агенттиги билдиргендей, Сирияда зилзаладан каза болгондордун саны 1250гө жеткен.

Ошондой эле 2 миңден ашык адам жабыркаган.


Белгилей кетсек, 6-февралда эпицентри Түркиянын Кахраманмараш регионунда катталган жер титирөөнүн күчү 7, 8 баллга чейин жетип, оор кесепеттерге алып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн