Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлүү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров күн мурун кезектеги ипотекалык үйлөрдү тапшыруу учурунда айтты.
Анда өлкө башчысы "Менин үйүм" турак жай программасы жарандардын реалдуу муктаждыктарын учурунда чечүүгө багытталган механизмге айланганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө бул программага катышып, турак жай алуу үчүн кезекке тургандардын саны 58 миңден ашты. 10 миңден ашуун үй-бүлө үйлүү болду", - деди өлкө башчысы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн