Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эл аралык стандарттарга шайкеш келген 12 лабораториясы аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, ишмердүүлүк жүргүзүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде Бишкекте – 3, Ошто – 3, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Балыкчы, Караколдо бирден эл аралык жогорку деңгээлдеги аккредитациядан өттү.
Аккредитация болгон лабораториялар эл аралык стандарттын талаптарына жана улуттук аккредитациялоо критерийлерине ылайык болгон лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Мындай лабораториялар эпизоотиялык тобокелдиктердин өсүү шарттарында биологиялык коопсуздукту, эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык деңгээлде жыйынтыктарды таануу үчүн аба-суудай керек.
Ветеринардык лабораторияларды аккредитациялоо лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларынын техникалык компетенттүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана объективдүүлүгүн тастыктоо үчүн маанилүү инструмент болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн