Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Өмүр күүлөрү. Улуттук адабиятыбыздын улук устаты

15.07.2021 21:08
5668
Өмүр күүлөрү. Улуттук  адабиятыбыздын улук устаты


*** Өскөн Даникеевдин "Кыздын сыры" повести коомчулуктун кеңири отклигин пайда кылып, жакшы баа алып отурат. Повесть чакан болгондугуна карабастан, анда адамдын өзүнчө бир тарыхы берилген.

Чыңгыз Айтматов
*** "Кыздын сыры" повесть эмес, бул кара сөз менен жазылган поэма... поэзия.

Аалы Токомбаев
*** Ал адабиятка шар кирди. Аталган повесть анын тырмак алды чыгармасы. Сөздүн агы жакшы, жакшы чыгарма.

Түгөлбай Сыдыкбеков
Өскөн Даникеев - өмүрдү туура түшүнгөн жана бүткүл жүрөгү менен сүйө билген, анын эң нарктуу маңызын дааналап жана салмактап карай алган, турмуштун жаркын жаратылышын, анын башатын курч жана терең сезе билген сезимтал жазуучу. Анын чыгармачылыгы биздин адабиятыбыздын бүгүнкү күнүнүн талаптарына так жооп бере ала турган прозачылардын бири деп толук укуктуу атоого болот. Өскөн Даникеевдин чыгармалары дайыма логикалуу, сюжеттери жөнөкөй, жумшак лирикалык обонго бай болгондуктан, индивидуалдуу автордук стилге эгедер.

Белгилүү жазуучунун ар бир чыгармасында бири-бирине таптакыр окшошпогон ар түрдүү сюжеттерди бириктирип, чапташтырып турган ички терең маани жана мелжиген максатына тушма-туш багытталгандык бар. Дагы бир маанилүү сапат - ал жазуучунун чыгармаларынын элдүүлүгү, жөнөкөй баяндоо ыкмасы. Каармандардын элесин элестүү кылып сүрөт тарткандай көз алдыңа тартып берүүсү - образ түзүүнүн накта үлгүсү.

Элдүүлүк менен мекенчилдик - Өскөн Даникеевдин жазуучулук шыктануусунун эки соолгус булагы. Чындыгында эле ал үчүн элдин турмушунун өтүп жаткан терең процесстерди биринчи кезекте ачып берүү маанилүү. Көптөгөн аңгемелери менен повесттери басылмаларга жарыяланаар замат дароо окурмандардын көңүлүн буруп, талаш-тартыштарды туудургандыгы да ушундан.

Жазуучунун чыгармаларында биздин алдыбызга эсте унутулгус болуп калуучу мүнөздөрдүн галереясы тартылат. Биз ой учугун чубап, даникеевдик каарманлар менен бирге жашай баштайбыз. Биз, акырында, өмүрдүн нравалык баалуулуктарынын автордук ой толгоолору менен изденүүлөрүнүн дүйнөсүнө кадам таштайбыз.

Чеберчилик дароо эле келе койгон жок.Чыгармачылык жолунда изденүүлөрдүн, ийгиликтүү жол тандоолордун болгондугу ырас. Анын алгачкы "Бакир" аттуу повести жарыяланаар замат эле ал окурмандардын кызуу жактыруусуна ээ болду. Чыгармада кенчилердин турмушу жөнүндө гана баяндалбастан, учурдагы позиция менен өткөндүн сабактарына салабаттуу анализ жасалган.

Даникеев өзүнүн чыгармаларына поэтикалуу аттарды койгону менен да айырмалуу. "Мурас", "Арман", "Кызыл аска", "Көкөй кести" деп ары мазмуундуу, ары карапайым аттарды койгон. Бирок мындай карапайымдыкты болгону жетилгендик менен тажрыйба жаратат эмеспи.

Мезгилге жуурулган коомдук аң-сезимдин ошол эле өсүү процессин биз жазуучунун чыгармаларынан байкасак болот."Көкөй кести" романы жазуучунун чыгармачылыгындагы өзгөчөлүү окуялардан болуп калды. Ата Мекендик согуш тууралуу жазылган көлөмдүү чыгарма турмуштук материалдарды дал өзүндөй реалдуу чагылдыра алган эң оор жанрдын дасыккан чебери жаралгандыгына күбө боло алды.

Мурда басма сөз беттеринде жазуучунун чыгармалары сынчылардын элегинен өткөндүктөн, кайра кайрылууну эп көрбөдүк. Жөн гана мүмкүнчүлүккө жараша айырмачылыктарына, артыкчылыктарына, улуттук адабиятыбыздын өркүндөшүнө кандай жаңылыктарды алып келгендигине учкай гана токтолдук.

Албетте, жазуучунун эмгектери коомчулук тарабынан калыс бааланып, Кыргыз эл жазуучусу наамына татып, мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка ээ болду. Эми чыгармачылыгынын туу чокусуна чыгып турган кезинде Өскөн Даникеевдин кыргыз эли, жери үчүн жасаган көп жылдык кажыбас эмгегинин жыйындысы катары Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамын ыйгаруу мезгилдин мүдөөсүндөй, учурдун талабындай туюлат.

Догдурбек ЮСУПОВ
***КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Бүткүлдүйнөлүк коомдук поэзия академиясынын академиги.

P.S. Атактуу жазуучу Өскөн Даникеевдин чыгармаларын, аңгемелерин, повесттерин жана романдарын камтыган үч томдугун Бишкек шаардык борбордук китепканасынан алып окусаңыздар болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн