Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Чоң Казаттын" экс-төрагасы Евразия экономикалык комиссиясынын министри болот

01.05.2021 11:23
1361
"Чоң Казаттын" экс-төрагасы Евразия экономикалык комиссиясынын министри болот


Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жаңы мүчөлөрүнүн Кыргызстандан талапкерлигин колдошту. Бул тууралуу ЕЭКнын басма сөз кызматы билдирди.


Мындай чечим кечээ Казандагы жыйында кабыл алынгандыгы белгиленди. ЕЭК Бажы кызматташтыгы министри кызматына Максат Мамыткановдун талапкерлиги жактырылды. Ал Олег Панкратовдун ордуна келди. Темирбек Асанбеков ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри болот. Буга чейин бул кызматты Эмил Кайкиев аркалап келген.


Жогорку Евразия экономикалык кеңешине жаңы министрлердин талапкерлиги көрсөтүлөт.


Максат Мамытканов - "Чоң Казат" партиясынын мурдагы төрагасы жана Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри. Ал бийликке 2020-жылдын октябрь окуяларынынан соң келген.


Министрликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Темирбек Асанбековдун "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери. Саясий партия өткөн жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо шайлоо өнөктүгүнө катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн