Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

"Эстей жүр": Бүбүсарага ашык болгондор анын туфлисинен коньяк ичип, сүйүүсүн билдирген (фото)

15.04.2021 12:48
33589
"Эстей жүр": Бүбүсарага ашык болгондор анын туфлисинен коньяк ичип, сүйүүсүн билдирген (фото)


“Эстей жүр” рубрикасынын бүгүнкү чыгарылышында атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу сөз болот.

Бийчи Бүбүсара Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында 1926-жылы 17-майда туулган. 1936-жылы Ленинград хореографиялык окуу жайына тапшырып, 1941-жылы аяктаган. Көрүнүктүү орус балеринасы Агриппин Ваганованын жетекчилиги астында окуп, чоң театрда 1939-жылы өзүнүн чыгармачылыгын эл алдында көрсөтө алган.

Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солистка болуп кирип, алгачкы күндөрүнөн баштап эле өзүнүн таланттуулугун көргөзө алган. Сахнада 1943-жылы В.Ференин “Селкинчек” аттуу балетинде Зайнуранын ролун аткаруу менен зор бийчилик жөндөмү, профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн. Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган. Аны менен катар кыргыздын улуттук ”Анар” партиясын, орус чыгармаларынан “Лебединое озеро”, ”Красный мак”, ”Спящая красавица” аттуу балетердин партияларын, «Раймонда», «Бахчисарай фонтаны» жана башка балеттерин аткаруу менен дүйнө элине жылдызы жанган.

Бүбүсара Бейшеналиева 1949-жылдан баштап Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында сабак берип, жаш бийчилерди тарбиялай баштаган. Мугалимдик кесип, бийчилик өнөр менен гана чектелип калбастан, эл өкүлү катары мамлекеттик кызматтарга да аралашып, СССРдин Жогорку Кеңешинин 6-7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайлганып, социалдык-саясий маселелер менен да алек болгон.


Бүбүсарага ашык болгон мырзалар

Акын, жазуучу Касымбек Тазабековдун “Өмүргө тете бир түн” деген аталышта атактуу бийчи, ашкан сулуу Бүбүсара Бейшеналиевага арналып жазылган китеби бар. Андагы маалыматтарга таянсак, Бүбүсаранын бир эрекек баласы – Эрмек аттуу уулу болгон. Ал биринчи турмушунан - композитор Акмат Аманбаевден ошол уулун төрөп, кийин ажырашып кеткен экен. Өзүнүн ажайып сулуулугу, талчыбыктай чимирилип бийлеген жөндөмү менен бүтүндөй СССРде жылдызы жанып турган убагында анын бойдок болушу бир топ жигиттердин тынчын кетирген. Бүбүсараны сүйүп калып, медициналык окуу жайды атайын таштап, балет дүйнөсүнө аралашып кеткен бийчи Муртаза Асанов деген болгон. Бүбүсара бир турмуштан ажырап, уулу бар экенине карабай, мурда үйлөнө элек жаш жигит Муртаза Бүбүсара менен бийлеп жүрүп, сүйүүсүн арнап, аны менен бир үй-бүлөө курууга көп аракетин жумшаган. Бирок аны Бүбүсара теңине албай койгондо, опера балет театрын таштап, кайра медициналык окуусун улантып кеткен.

Эң кызыгы Бүбүсара кийин катуу ооруга чалдыгып, өмүрүнүн акыркы күндөрүн жашап жүргөндө, так ушул Муртаза Асанов Москвада хирург-врач болуп иштеп жүргөн кезинде анын колунан бийчиге операция жасалган экен. Ошондой эле, бийчиге кан жетпей калган учурда Муртаза өзү Бүбүсарага донор болуп, кан берген тура. Бийчинин көзү өтүп кеткенден кийин Муртаза борборго келген сайын “Ала Арча” көрүстөнүнө барып, Бүбүсаранын эстелигине гүл коюп, куран окуп турарын, үйүндө биринчи сүйүүсү болгон Бүбүсаранын сүрөтү илинип турарын айтчы эле, деп эскерип жазат Касымбек Тазабеков.

    

 Ага чейин профессор Сапар Рыспаев ашык болуптур, чоң кызматтарда иштеген Салмоорбек Табышалиев аттуу инсан өзүнүн жубайы кылып алууга көп убакыт чуркаган экен. Бүбүсара чет жактан гостролдоп келатканда ар дайым гүл менен тосуп алып, көңүлүн алууга, кызматтык абалынан пайдаланып, бир топ күчүн жумшасада дагы Бүбүсарадан майнап чыккан эмес.

Касымбек Тазабековдун мындай деп жазганы бар: “Бүбүсара өзү сүйүү, өзү махабат эле. Аны көп жигиттер сүйүп, жөнөкөй эле бир жигиттер эмес, атагы айга жеткен, кыргыздын көрүнүктүү инсандары сүйүүсүн билгизүү үчүн анын кийип жүргөн туфлисине коньяк куюп ичип, дагы бири кийин Бүбүсара көз жумганда көп элдин көзүнчө өнгүрөп өкүрүп ыйлаган жигиттер болгон. Муну көрүп калдык".


Көпчүлүккө белгилүү болгондой, дүйнөлүк жазуучу, кыргыздын улуттук сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматов да бир кезде Бүбүсараны катуу сүйгөн дешет.

“Жазуучу менен бийчи 1958-жылы жолуккан экен. Эки инсандын тең ысымын эл таанып турган чагы. Булардын ошол кездеги ысык мамилесин кыргыз интеллигенциясы билип калган. Экөө тең ал кезде кош жылдыз болуп бири-бирине жарашып турган чагы. Мен Чынгыз менен Бүбүсаранын мимилесин Москвада аспирантурада окуп жүргөндө эле байкап калгам. Себеби экөө тең Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда, менин шахтёр досум Баатырбек Сыдыков да депутат эле. Бизди чай ичүүгө ошол досум чакырган. Ошондо Чыңгыз менен Бүбүсара ээрчишип келген”, - дейт Касымбек Тазабеков.

Бул эки инсандын махабаты көпкө узаган жок, экөө сүйүшүп, ымаласы жакын болгону менен бир үйдө түтүн булатып, бала-чакалуу болуп жашоого жетишишкен жок. Алардын романы, тагдырлары, сүйүүсү тууралуу бир топ чыгармалар жазылып, фильмдер тартылган.


1954-жылы Кыргыз ССРнин эл артисти, 1958-жылы СССРдин эл артисти болгон Бүбүсара Бейшеналиева 1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ал 1973-жылы 11-майда каза болгон жана сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Бүбүсара Бейшеналиванын 5 сомдук номиналдагы сүрөтү бар, анын аты Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине берилген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту ачылган жана Бишкек шаарында, опера жана балет театрынын жанында, Б.Бейшеналиеванын эстелиги орнотулган.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айжан
Баардык туруш турпаты төп келген аял)