Теке 16, 2025
Убакыт: 21:53
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.116
1.135

"Манас" аэропортуна биринчи жолу COMAC C919 жүк ташуучу учагы келип конду

16.07.2025 16:34
24
"Манас" аэропортуна биринчи жолу COMAC C919 жүк ташуучу учагы келип конду


"Манас" эл аралык аэропортуна биринчи жолу COMAC C919 жүк ташуучу учагы келип конду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришти.


Маалыматка ылайык, каттам YTO Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылды.


"Бул маанилүү кадам Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жаңы этабын белгилеп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты бекемдейт", - деп айтылат маалыматта.


Белгиленгендей, учурда үзгүлтүксүз каттамдардын графиги түзүлүүдө жана жакынкы аралыкта жарыяланат.


COMAC C919 - Кытайдын алдыңкы авиакурулуш концерни тарабынан чыгарылган заманбап жүк ташуучу кууш фузеляждуу реактивдүү учак.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн