Регион аралык кастыкты козутуу боюнча иш козголгон журналист Арслан Сартбаев сөз эркиндигине кысым болуп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Анын айтымында, Сартбаев өзүнүн социалдык тармактагы посту аркылуу жеке Таалайбек Сарыбашовду сынга алган.
"Мен жалпы оштуктарга сөз тийгизип, акаарат келтирген жокмун. Бул факт! Болгону Бишкек мэрлигине келген Таалайбек Сарыбашовго карата суроо берип, сын-пикиримди ортого салдым. Адам баласында сөз, ой эркиндиги болушу керек. Дароо эле кылмыш ишин козгоп, камакка алууга басым кылышканы абсурд! Эгерде кимдир бирөөнүн сезимине, намысына шек кетсе, анда кечирип коюңуздар. Биз бир улутпуз, ынтымакта бололу! Мага жана үй-бүлөмө коркунуч келтиргендерге сабыр тилейм! А баса, мен "Азия Ньюс" гезитинен Ташиевдин, Сарыбашовдун ишмердиктерин сындап келгем, ошол жагынан өч алууга баратышса жигитчиликке жатпай калат!",- деп билдирген журналист Сартбаев.
Пикирлер (1)