Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Талибан" Курандын өрттөлгөнүнө байланыштуу Швециянын Ооганстандагы ишмердүүлүгүн токтотту

11.07.2023 13:20
1159
"Талибан" Курандын өрттөлгөнүнө байланыштуу Швециянын Ооганстандагы ишмердүүлүгүн токтотту


"Талибан" Швециянын Ооганстандагы ишмердүүлүгүн Куран өрттөлгөнүнө байланыштуу мусулмандардан кечирим сурамайынча токтотуп жатканын Маданият комиссиясынын өкүлү билдирди.


"Швецияда Ыйык Куранга жана мусулмандардын ишенимине акаарат келтиргенден кийин Ислам Эмираты Швециянын Ооганстандагы ишмердүүлүгүн мусулмандардан бул жийиркеничтүү иши үчүн кечирим сурамайынча токтотуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.


Белгиленгендей, Ооганстандын тиешелүү уюмдары бул буйрукту аткарууга милдеттендирилди.


Ошондой эле Ооган бийлиги башка ислам өлкөлөрүн Швеция менен “өз ара байланыштарын кайрадан карап чыгууга” чакырды.


Белгилей кетсек, Стокгольмдо Курман айт майрамы маалында Курандын кордолуп, өрттөлүшү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө чоң резонанс жаратты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн