Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

1 жашка чыга элек 2 наристе бар - Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жаш курактары

30.03.2020 19:34
1787
1 жашка чыга элек 2 наристе бар - Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жаш курактары

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын эң кичүүлөрү - бирге толо элек эки ымыркай. Бул тууралуу 30-мартта коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.


Коронавирус жуктуруп алган 94 адамдын ичинен;


- 15 жашка чейинки балдар - 9, анын ичинен 1 жашка чейинки 2 наристе;

- 16 жаштан 19 жашка чейин - 4 адам;

- 20 жаштан 35 жашка чейин - 29 адам;

- 35 жаштан 55 жашка чейин - 23 адам;

- 55 жаштан уулу - 29 адам бар.


Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандар баш аягы 94 адам.  Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 49, Ош облусунда – 33, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн