Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

10 кыргызстандык Афганистандан мекенине кайтарылды

27.04.2020 19:35
858
10 кыргызстандык Афганистандан мекенине кайтарылды


10 кыргызстандык Афганистандан мекенине кайтарылды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-апрелде, Казакстан аркылуу 10 кыргыз жараны Афганистан Ислам Республикасынын, Кабул шаарынан кайтарылды, бардык келгендер бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө алынган. 


Кыргызстандыктар ооган авиакомпаниясынын чартердик авиакаттамы менен Алматыга келишкен. Ал жактан дарыгерлердин коштоосунда автоунаа менен Бишкекке жеткирилген.


Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүп, кыргыз жарандарын алып келүүгө шарт түзүлдү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн