Бугу 04, 2025
Убакыт: 13:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

10-май жумуш күнү болуп бекитилди

05.05.2021 23:38
1398
10-май жумуш күнү болуп бекитилди

Кыргызстанда 10-май жумушчу күн деп жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-май – Жеңиш күнү жекшемби күнүнө туш келгендиктен эс алуу күнү кийинки күнгө, тагыраагы дүйшөмбү күнүнө жылдырылмак. Бирок өкмөт ал эс алуу күнүн 30-августка жылдыруу чечимин кабыл алган.


Мындан улам 10-май жумушчу күн деп жарыяланып, ал эми август айында кыргызстандыктар 4 күн караты менен эс алышат. Алар 27, 28-август (ишемби жана жекшемби күнү), 10-майдын ордуна 30-август (дүйшөмбү) жана 31-август – Эгемендүүлүк күнү эс алуу күндөр болуп эсептелет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн