Кулжа 27, 2025
Убакыт: 07:48
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

09.06.2023 10:14
458
14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт


Бишкек шаарынын мэриясы 14-июнда борбор калаанын чыгыш бөлүгүндө бир күн бою суу болбой тургандыгын билдирди.


Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берүү токтотулат. Бул учурда "Сельский" суу кампасында профилактикалык иштер жүргүзүлөт.


Мындай чектөө Тунгуч кичи районунда, Рухий-Мурас жана 44Га жаңы конуштарында болот. Калаа мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сураган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн