Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

15 бала болгон. Россияга жүк ташуучу унаада бара жаткан кыргыз жарандары аныкталды

29.08.2022 11:15
336
15 бала болгон. Россияга жүк ташуучу унаада бара жаткан кыргыз жарандары аныкталды

Россиянын Түштүк Уралда жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унааны токтоткон.


Россиянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматына ылайык, унаанын ичинде 10 чоң адам жана 15 бала болгон. Жүргүнчүлөр Кыргызстандан Челябинск шаарына бара жатканы аныкталган.


Шек жараткан унаа Челябинск — Троицк жолунун 132-чакырымында токтотулган. Унаанын айдоочусуна жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуу боюнча эки администрациялык материал түзүлгөн.


Тиешелүү текшерүүдөн кийин жүк ташуучу унаанын ичиндегилери жүргүнчү ташуучу транспортко отургузуу үчүн Троицк автовокзалына жеткирилген.


 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аббас
Колрмуздукту светло ото зарыл