Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

19-майда унаа жуучу жайдан уурдалган Toyota Highlander табылды

25.05.2022 13:47
808
19-майда унаа жуучу жайдан уурдалган Toyota Highlander табылды

Бишкекте унаа уурдоого шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, 19-май күнү милицияга Т.К. аттуу борбор калаанын тургуну кайрылган.


Арызында ал ошол эле күнү саат 01:15 чамасында Матыев көчөсүндөгү унаа жуучу жайдан Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткендигин билдирген.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалып, бир айга камакка алынган.


Уурдалган унаа арыз ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн