Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

2-курстун студенти Шахноза 1 айда китеп жана кийим саткан дүкөн ачууга жетишти (видео)

27.04.2021 11:09
1341

Шахноза Абдусалам кызы учурда Ислам университетинин “Теология” факультетинин 2-курсунун студенти. Ал өзүнүн бизнестеги ийгилиги тууралуу Ютубдагы “Ийгилик академиясы” каналына баяндап берди.   


Анын айтуусуна караганда, “Бизнес нөлдөн” тренингине катышып калып, ишкерчилик кылууну чечкен. Башында Инстаграм аркылуу өзүндөгү китептерди сатууну жарнамалап, туруктуу карларды тарта баштаган. Алгач даректерине өзү жеткирип берчи, кийинчерээк кайсы жерден алса болот деген суроо-талаптардан улам дүкөн ачууну ойлонгон. Ошентип 1 айдын ичинде өзү окуган университетке жакын жерден ижарага орун таап, китеп жана айымдардын кийимдерин саткан дүкөн ачкан. Ушул тапта товарларын ийгиликтүү сатып жаткан учуру.


“Бул тренинг мени 180 градуска өзгөрттү. Акча бай болуш үчүн эле эмес, өзүңдүн муктаждыктарыңды чечип, жеткиликтүү жашоо жана эркин адам болушуң үчүн керек. Ар бир адам “мамлекет мага эмне кылды?” дебестен, “мен Кыргызстанга эмне кылдым?” деген принцип менен жашаш керек”, - дейт Шахноза. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн