Кулжа 29, 2025
Убакыт: 06:07
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.105
1.135

2021-жылы кыргыз-тажик чек арасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө турак-жай берилди

16.06.2022 21:34
836
2021-жылы кыргыз-тажик чек арасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө турак-жай берилди

2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгондордун үй-бүлөрүнүн бардыгы турак жай алышты. Бул тууралуу Баткен облусуна болгон пресс-турда маалым болду.


Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин айтымында, үйлөр каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө тегиз бөлүштүрүлүп берилген.


“Кичи шаарчага былтыр жазында аскердик кагылышууда каза болгон кичинекей кыз Мадинанын аты берилген. Үйлөрдүн курулушуна Баткен мэриясы тарабынан 5 гектар жер тилкесин бөлүнгөн. Жалпы 36 үй курулган, ар бир үйдүн участогу 6 соток”, - деди ал.


Алимбаев “Мадина” кичи шаарчасында жашаган жашы жете элек балдарга мамлекет тарабынан жөлөпул төлөнүп жатканын кошумчалады.


Эскерте кетсек, 2021-жылдын жаз айында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, 36 кыргызстандык көз жумган.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн