Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

2023-жылы БМЖККК катталган баңги кылмыштарынын жалпы санынын 94,6%ын ачкан

24.01.2024 12:19
177
2023-жылы БМЖККК катталган баңги кылмыштарынын жалпы санынын 94,6%ын ачкан


Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан республиканын укук коргоо органдары тарабынан катталган баңги кылмыштарынын жалпы санынын 94,6%ын ачып, 92,4% дан ашык баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алышкан. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


Маалыматка ылайык, үч жылдын ичинде БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 тонна 951 кг 729 грамм алынган, бул ички иштер органдары тарабынан алынган баңгизаттардын жалпы көлөмүнүн 92,4%ын түзөт. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүргөн 27 жашыруун лабораторияларды аныктап, жоюп салган.


Мессенджерлерде, социалдык түйүндөрдө жана башка интернет мейкиндиктеринде баңги заттарды сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана интернетке мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында,  үч жыл ичинде контактсыз түрдө баңги затын сатуу боюнча 599 факты жана 39 баңги заттарды тараткан интернет-дүкөндөр аныкталып, көрүлгөн чаралардын негизинде 20 интернет-дүкөн жоюлган, мындан тышкары баңги заттары тууралуу тыюу салынган маалыматтарды жарнамалоо жүргүзгөн 3 сайт жабылган.


Мындан тышкары, 2021-2023-жылдар аралыгында кызмат тарабынан баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле жаңы мамилелерди түзүүгө багытталган 180ден ашык эл аралык иш-чаралар өткөрүлгөн.


Россия Федерациясынын, Япониянын жана АКШнын каржылоосу менен БУУнун БКБнын 3 долбоору ишке ашырылып/ишке ашырылууда, анын алкагында Жалал-Абад жана Талас шаарларында БМЖКККнын аймактык бөлүмдөрү үчүн административдик имараттар курулган. БМЖКККнын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жүргүзүлүп, автотранспорт каражаттары жана Учкучсуз учуучу аппарат комплекстери сатылып алынды. Аналитикалык борбор түзүлдү, ошондой эле кадрдык потенциал чыңдалып, ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, баңгиликтин алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү.


ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Европа Биримдигинин КАДАП-7 программасынын алкагында баңгизаттын алдын алуу, баңгичиликтин абалы боюнча маалыматтарды чогултуу жана өздүк курамдын потенциалын жогорулатуу багытында натыйжалуу кызматташууну жүзөгө ашырат.


Бул Программанын алкагында ушул жылы Борбордук Азиядагы биринчи наркотикалык борборду түзүү мерчемделүүдө, ал жаштар арасында баңги заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча таптакыр жаңы инструменттерди жана ыкмаларды берүүгө багытталган.


ЕККУ менен кызматташуунун алкагында баңги заттарды контролдоо, баңги заттардын алдын алуу, мыйзамдарды өркүндөтүү жана БМЖКККнын кадрдык потенциалын чыңдоо жаатында мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоону күчөтүү боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө.


Эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Кыргыз Республикасынын жооптуу мамлекеттик органдары менен биргеликте БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясы, БУУ БКБ, ЖККУ, ШКУ, Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борбору жана башкалар сыяктуу эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин ишине активдүү катышат.


Кызматтын кызматкерлеринин жөнгө салынган ишинин аркасында көп сандагы баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынып, ири улуттар аралык баңги топторунун аракеттерине бөгөт коюлуп, эң негизгиси көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калды. Бул чек эмес, БМЖККК элге пайда алып келе турган ишти жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча дагы көптөгөн иш-чараларды жүргүзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн